Илим жана маданият көпүрөлөрү - 32

Түркстан менен Анатолиянын ортосундагы адабий-руханий көпүрөлөр- Эмир Султан жана Агах

153206
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 32

Өткөн программаларыбыздын биринде Осмон доорунда Түркстан менен Анатолиянын ортосунда адабий-руханий көпүрө болгон инсандар тууралуу сөз баштап, бухаралык акын Эмир Ахмед жөнүндө айтып берген элек. Бүгүнкү уктуруубузда Осмон доорунда Түркстандан Анатолияга келип отурукташып калган түркстандык акындар жөнүндөгү сөзүбүздү улантабыз. Бул жолку каармандарыбыз бухаралык сопу жана акын Эмир Султан менен самарканддык акын Агах болмокчу.
Бухаралык акын Эмир Султандын чыныгы аты Шемседдин Мухаммед болгон. Осмон падышасы Йылдырым Байезиддин кызы менен үйлөнгөндөн кийин «Эмир Султан» деген атка конгон.
Эмир Султандын туулган жылы тууралуу так маалымат жок. Эмир Султандын өмүр баянына тийешелүү булактардын көпчүлүгүндө анын 1368-1369-жылдары туулгандыгы жазылган. Атасы Сейид Али Бухарадагы белгилүү сопулардын бири болгон. Сейид Али чоподон идиш-аяк жасап-сатып жан баккандыктан «Эмир Күлал» деген ат менен да таанылган. Эмир Султан сопулук жолдун негиздерин атасынан үйрөнгөн жана анын эң биринчи устаты атасы болгон деп айтсак жаңылышпайбыз. Эмир Султан Бухарадан мыкты таалим көрүп, илим деңгээли өскөн. Айрым булактарга караганда, ал сопулук жолдорунун ичиндеги күбравия тарикатынан болгон.
Атасы Сейид Али каза болгондо Эмир Султан 17-18 жаштарында эле. Бир канча мезгил өткөндөн кийин Сейид Усул, Сейид Насыр, Сейид Ниметуллах, Али Деде, Баба Заир сыяктуу сопулар менен бирге ажылык сапарга аттанган. Мединада бир канча жыл жашагандан кийин Багдадга кеткен. Бул жерден Анатолияга өтүп, Бурсада отурукташып калган. Эмир Султан Бурсада «олуя» катары атагы чыгып, элдердин сый-урматына ээ болгон. Молла Фенари сымал анатолиялык аалымдар анын руханий жана илим деңгээлин жогору баалышкан. Эмир Султан ибадаткана ачып, абдан көп дервишти тарбиялап чыгарган.
Түрк адабиятынан Эмир Султанга таандык деп айтылып жүргөн ыр түрмөктөрүн жолуктура алабыз. Бирок анын акындык өнөрүн толук ачып көрсөткөн маалыматтар жокко эсе. Ушул жерде айта кетчү нерсе, Эмир Султандын бурсалык акын Ахмет Паша сыяктуу көптөгөн акындарга илхам бергендиги айтылып жүрөт.
Бухаралык Эмир Султан Осмон падышасы Йылдырым Байезиддин кызы Хунди Фатма Султан менен үй-бүлөө куруп, үч балалуу болгон. Эмир Султан Осмон падышалары Йылдырым Байезид, Биринчи Мехмед жана Экинчи Мураддын дооруна күбө болгон. Үч падыша тең Эмир Султанды урматташкан. Эмир Султан 1429-жылы каза болгон. Айрым булактарга караганда, Экинчи Мураддан кийинки падышалар да аны урматтоо менен эскерип, Бурсага келген сайын анын күмбөзүн сөзсүз түрдө зыярат кылышчу экен.
Кадырлуу окурмандар, эмки сөзүбүз самарканддык акын Агах болмокчу. Агахтын чыныгы аты - Мехмед Булак. Ал ажы жана Ыйык Куранды жатка билген «хафыз» болгон. Ушундан улам аны «Хажы Хафыз» деп да аташкан.
Агахтын туулган жылы тууралуу так маалымат жок. Изилдөөчүлөрдүн божомолу боюнча ал 1630-1631-жылдары жарык дүйнөгө келген. Агах алгач туулган жери Самарканддан таалим алган. Бул жерде Ыйык Куранды толугу менен жатка үйрөнгөн. Андан кийин Бухарага барып, атактуу акын Шефкет Бухариден адабият боюнча таалим алган. Айрым булактарга караганда, Агах Бухарада жүргөндө Накшибанди тарикатына кирген.
Бухарадан Исфаханга келгенде Саиб деген акын менен жолугушуп, бул акындын ырлар жыйнагынын бир нускасын көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал Исфахандан тышкары Тебриз, Багдад, Дамаск, Күдүс, Каир жана Кония шаарларын кыдырып, бул жерлердеги аалымдар жана акындар менен таанышкан. Мекке жана Мединага зыярат кылып, ажылык милдетин аткарган. 1669-жылы Осмон империясынын Диярбакр деген шаарына келип отурукташып калган. Агахтын мезгилинде бул шаар Амид деп аталчу эле. Агах Амидде калеми күчтүү акын катары таанылып, урматталган. Шаардын адабий чөйрөсүндө анын олуттуу орду болгон. Ал Эмни, Хашим, Хами, Шури, Хамди, Мужиб, Кемали, Вали сыяктуу акындар менен адабий жыйындарды өткөрүп турган. Айрым булактарда ал фарс, арап жана түрк тилдеринде ырлар жараткан. Ага таандык эки «диван» болгон. Фарсча диваны бизге жеткен эмес. Түркчө «диванынын» нускалары Стамбул шаарындагы китепканаларда сакталып турат.
Агах акын гана эмес, сүрөтчү жана хаттат да болгон. Ал көп кырдуу устат катары көптөгөн шакирттерди тарбиялап чыгарган. Эч качан үйлөнгөн эмес. Өмүрүнүн аягына чейин Амидде жашаган. Өлгөн жылы боюнча да так маалымат жок. Түркиялык илимпоз Жемал Курназ самарканддsк акын Агахтын 1730-1731-жылдары каза болгонун божомолдойт.
Урматтуу угармандар, ушуну менен бүгүнкү уктуруубуз соңуна чыкты. Программаны обого даярдагандар - Гүлдана Мурзакулова жана Абдрасул Исаков.

Адабияттар
1. Âgâh, Dîvân, Haz. Şerife Akpınar, http://ekitap.kulturturizm.gov.tr/Eklenti/10589,agah-divanipdf.pdf?0, Erişim Tarihi: 20.07.2014.
2. Cemâl Kurnaz, Türkiye-Orta Asya Edebi İlişkileri, Ankara: Akçağ Yayınları, 1999.
3. Hüseyin Algül, “Emir Sultan”, Türkiye Diyanet Vakfı İslam Ansiklopedisi, C. 11, İstanbul, 1995, s. 146-148.
4. M. Cavid Baysun, “Emîr Sultan’ın Hayatı ve Şahsiyeti”, İstanbul Üniversitesi Edebiyat Fakültesi Tarih Dergisi, Cilt: 1, Sayı: 1, 1949, s.77-94, http://www.journals.istanbul.edu.tr/iutarih/article/view/1023004589/1023004179, Erişim Tarihi: 21.07.2014.
5. Mehmet Veysi Dörtbudak, “Manisalı Mehmed Senâyî Çelebi ve Risâle-i Menâkıb-ı Emîr Sultân (Keşif-Nâme) Adlı Eseri”, Bursa’da Dünden Bugüne Tasavvuf Kültürü-3, Bursa, 2004, s. 205-218.
6. Şerife Akpınar, “Hacı Hâfız Mehmed Bulak Âgâh ve Dîvânı”, Ç.Ü. Sosyal Bilimler Enstitüsü Dergisi, Cilt 15, Sayı 2, 2006, 425-440.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар