Илим жана маданият көпүрөлөрү - 30

Түркстан менен Анатолиянын ортосунда адабий - руханий көпүрө болгон инсан - Эмир Ахмед Бухари

151918
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 30

Анатолиядагы түрктөр менен Түркстандагы түрк тектүү калктардын ортосундагы адабий байланыштын тамыры тереңде жатат. Бул байланыш мезгил агымындагы ар түрдүү кырдаалдардын таасири менен кээде солгундап, кээде бекемделип, кылымдар бою учугу үзүлбөй уланып келе жатат.
Кадырлуу угармандар, программабыздын кезектеги чыгарылышында Осмон доорунда Түркстан менен Анатолиянын ортосунда адабий-руханий көпүрө болгон инсандар тууралуу маалымат беребиз жана бухаралык акын Эмир Ахмед жөнүндө сөз кылабыз.

Осмон доорунда Түркстандан Анатолияга келип отурукташып калган түркстандык акындар жана ошондой эле Анатолиядан Түркстанга барып, ал жерде өз изин калтырып кеткен анатолиялык акындар болгон. Бирок бул акындар тууралуу элдердин көпчүлүгүнүн маалыматы жок. Анткени Түркстан-Анатолия ортосунда адабий-руханий көпүрө болгон инсандар жөнүндө терең изилденип жазылган илимий-методикалык жана илимий-популярдуу эмгектер өтө аз. Ушул темада изилдөө жүргүзгөн түркиялык илимпоз Жемал Курназ 1998-жылы «Анатолияда Орто Азиялык акындар» аттуу китебин, ал эми 1999-жылы «Түркия - Орто Азия адабий байланыштары» аттуу эмгегин басып чыгарган. «Түркия - Орто Азия адабий байланыштары» деген китебинде Осмон доорунда Түркстандан Анатолияга келип отурукташып калган бухаралык он үч акын жана самарканттык үч акын жөнүндө маалымат берген. Ошондой эле Орто Азияга барып из калтырган же Орто Азия менен кандайдыр бир байланышы болгон осмондук он төрт акын тууралуу сөз кылган. Жемал Курназдын берген маалыматына караганда, Түркстандан Анатолияга келип отурукташып калган бухаралык акындардын ысымдары - Хандан, Эмир Султан, Эмир Ахмед, Жүдайы, Ахмед Илахи, Саида, Реса, Шейда, Назыма, Ревнак, Кирами, Халис жана Сүлейман. Ал эми Самарканттан Анатолияга келген акындар Имад, Шахид жана Агах болуп саналат. Бул акындардын көпчүлүгүнүн өмүр-таржымалы жана чыгармалары тууралуу так жана кеңири маалыматтар жокко эсе. Айрымдарынын ырлары бизге жетпей калган.
Кадырлуу угармандар, уктуруубуздун экинчи бөлүгүндө Түркстандан Анатолияга келип отурукташып калган бухаралык акындардын бири Эмир Ахмед жөнүндө кеп кылабыз.
Эмир Ахмед Бухари суфизмдин агымы болгон накшибандиликти Анатолияга алып келген сопулардын бири катары таанымал. Эмир Ахмеддин туулган жылы боюнча так маалымат жок. Болжолу 1443-1445-жылдары жарык дүйнөгө келген. Ал накшибанди тарикатында олуттуу орду болгон шейх Махмуд Энжир ал-Фаневинин небереси болгон.
Алгач Эмир Ахмед туулган жери болгон Бухарада таалим алат. Андан кийин Самаркантка барып, ал жерде өз доорунун белгилүү сопусу Убейдуллах Ахрардын мүриди болот. Эмир Ахмед Ахрардын ибадатканасында Анатолиядан келген Абдуллах Илахи аттуу сопу менен таанышат. Абдуллах Илахи Убейдуллах Ахрардан тассавуф боюнча таалим алып жаткан эле. Илахи Анадолуга кайтуу үчүн даярдык көрө баштаганда Эмир Ахмед аны ээрчип, Анатолияга кетүүнү чечет. Эмир Ахмед шейхинен уруксат алып, Абдуллах Илахи менен чогуу сапарга чыгат. Илахи өзүнүн туулган жери Симавга келип, Накшибанди тарикатынын ибадатканасын ачат. Бул ибадаткана Накшибанди тарикатынын Анатолиядагы эң биринчи ибадатканасы эле. Бул жерде Эмир Ахмед Абдуллах Илахинин мүриди жана ибадаткананын имамы болот. Бир канча мезгил өткөндөн кийин ажылык сапарга чыгат. Меккеден кайтып келгенден кийин устаты Илахиден уруксат сурап Стамбулга кетет. Эмир Ахмед Бухари Стамбулда Экинчи Бейазыттын колдоосу менен накшибанди тарикатынын ибадатканаларын ачат. Ошентип накшибанди тарикатын Стамбулда эң биринчи Эмир Бухари жайылтат.
Эмир Ахмед Бухари фарс жана түрк тилдеринде бейт, башкача айтканда, эки саптан турган уйкаштуу ыр түрмөктөрүн жазган. Анын бейттерине байланыштуу бир кызыктуу окуя айтылып жүрөт. Эмир Ахмед Стамбулга келип бир нече ай калгандан кийин устаты Абдуллах Илахиге фарсча бейт жиберген экен. Бул бейтинде көңүл токтугу, «сүйүктүүнүн» этегине жабышуу жана алла тааладан башка бардык нерседен алыстап, эч ким болгон жерде жашоо тууралуу айткан. Абдуллах Илахи шакиртинин бейтин окуйт, ушундан биртоп мезгил өткөндөн кийин Стамбулга келип, Эмир Ахмед Бухарини өзүнүн халифасы, башкача айтканда өзүнүн жана тарикатынын өкүлү кылып дайындайт.
Түркиялык илимпоз Жемал Курназдын берген маалыматына караганда, Эмир Бухари фарсча диванча, түркчө диванча жана Мевлананын айрым ыр түрмөктөрүнө түшүндүрмө жазган. Ошондой эле Эмир Бухаринин «Рисале фит-тасаввуф» деген эмгеги бар.
Эмир Ахмед Бухари 1516-жылы көз жумган. Анын күмбөзү Стамбул шаарындагы Фатих мечитинин батышында орун алган.
Айта кетчү нерсе, Эмир Ахмеддин өмүр-таржымалы тууралуу маалыматтарды камтыган эң башкы булак анын шакирти Лами Челеби тарабынан жазылган «Нефехат тержүмеси» аттуу эмгек болуп саналат.
Программаны обого даярдагандар-Гүлдана Мурзакулова жана Абдрасул Исаков.
Cаламатта болуңуздар!

Адабияттар
1. Cemâl Kurnaz, Türkiye-Orta Asya Edebi İlişkileri, Ankara: Akçağ Yayınları, 1999.
2. Mustafa Kara, “Emir Buhari”, Türkiye Diyanet Vakfı İslam Ansiklopedisi, C. 11, İstanbul, 1995, s. 125-126.
3. Saadettin Eğri, “Bursa-İstanbul Kültür Hattında İki Sûfî: Emir Ahmed Buharî ve Lâmiî Çelebi”, Bursa’da Dünden Bugüne Tasavvuf Kültürü, Bursa, 2002, s. 245-253.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар