Илим жана маданият көпүрөлөрү - 29

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш калктар комитети

151600
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 29


Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш калктар комитети Түркия өкмөтүнүн министрлер жыйынынын чечиминин негизинде 2010 – жылы 24 – мартта түзүлгөн. “Дүйнөнүн кайсыл жеринде түрк болсо, биз жанындабыз” деген сөз мекеменин урааны болуп саналат.
Комитет үч багытта иш алып барат: Чет өлкөлөрдөгү Түркия жарандары менен иш алып барып, алардын иш-аракеттерин жеңилдетүү максатында мамлекеттин аткара турган кызматтарын белгилейт. Тектеш жана боордош калктар менен социалдык, маданият жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында программаларды даярдап ишке ашырат.
Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш калктар комитети “Түркия стипендиялары” программасынын алкагында Түркиядан билим алууга жөндөмдүү деп кабыл алынган, эл аралык мыйзамдардын негизинде Түркияга билим алууга келген бардык студенттердин окуусун ийгиликтүү бүтүп кетиши үчүн керектүү бардык шарттарды, талаптарды белгилеп, тиешелүү мамлекеттик структуралар арасындагы байланышты түзөт.
Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш калктар комитетинин төрагасын өкмөт бекитет. Мекеме өкмөт башчысынын жардамчысынын карамагында болуп, мекеменин төрагасы ага баш ийет .
Бул мекеменин интернеттеги өздүк баракчасындагы маалыматка таянсак, чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш калктар комитети өз ишин эң оболу жаш, динамикалуу жана билимдүү жумушчу тобун түзүүдөн баштаган. Бул жумушчу топтун мүчөлөрү англисче, французча, испанча, немисче, арапча жана башка ушул сыяктуу 22 тилде эркин сүйлөшө алышат жана дүйнөнүн 150 өлкөсүндө иш алып барышат. Бул жигердүү, билимдүү жаштардын жумушчу тобу ар кайсы өлкөлөрдүн жарандары же бир канча жыл чет өлкөдө жашап келген Түркия жарандарынан турат. Бул жаңы ачылган комитеттин жигердүү тобунда кыргызстандык кызматкер да бар.
Комитет жыл сайын дүйнөнүн булуң бурчунда жуздөгөн ар түрдүү программаларды, жолугушуу, тегерек столдорду, илимий жана маданий конференцияларды өткөрүү менен Түркиянын дүйнөгө ачылган эшиктеринин бири болду десек болот.
Комитет дүйнөдөгү түрк жарандары жайгашкан бардык өлкөлөр менен жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо, алардын ар тараптуу маселелерин чечүү боюнча белгилүү аралыктарда өкмөткө маалымат берип турат. Дүйнөдөгү түрк элчиликтериндеги ишеним телефондору же интернет баракчасындагы “кайрылуу” бөлүмү аркылуу өздөрүнө келип түшкөн доо – арыздарды кыска убакыттын ичинде карап чыгып, тиешелүү чараларды көрүү менен дүйнөдөгү түрктөрдү ар түрдүү маселелерин мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлде чечилишине жардамчы болууда. Айрыкча жалпы тектеш түрк дүйнөсүнүн дүйнөдөгү диаспоралары менен тыгыз байланышта иш алып барып, түрк дүйнөсүнүн ортосундагы ынтымакты, биримдикти бекемдөө жаатында алгылыктуу иш аракеттерди жүзөгө ашырууда. Тузүлгөнүнө аз эле убакыт болгонуна карабастан, дээрлик дүйнөдөгү баардык түрк диаспоралары менен байланыш түзүүгө жетишүүнүн өзү да чоң жетишкендик деп айтууга болот. Жалаң эле Түркияда эмес, диаспоралардын өкүлдөрү менен бир топ өлкөдө чоң - кичине, илимий, маданий, экономикалык жергиликтүү жана эл аралык бир катар жыйын, семинарларды өткөрүп, аймактык деңгээлдеги кыйынчылыктар менен жакындан таанышып, кыйынчылыктан чыгуунун жолдору тууралуу адистердин ой-пикирлерин угуп, ошого жараша анализдерин мамлекетке сунуу менен эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларды даярдап, Түркия өкмөтүн маанилүү маалыматтар менен камсыз кылууда.

Эми болсо чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш калктар комитети тарабынан жүргүзүлгөн “Түркия стипендиялары” программасы тууралуу учкай маалымат бере кетели.
Бул программага ылайык Түркияда билим алууну каалагандар интернеттеги комитеттин өздүк баракчасынан тиешелүү документтерди толтуруп жөнөтүшөт. Бул дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндөгү каалоочулардын сынакка катышуусун бир кыйла жеңилдеткен метод десек болот. Абитуриенттер тандаган бөлүмдөрүнө жараша бөлүнүп, алгач ийгилиги жогору болгондору компьютер аркылуу иргелип, интернет аркылуу кат жөнөтүлөт. Андан кийин комитеттин кызматчылары сынакка катышып “баарлашуу” туруна өткөн талапкерлердин өлкөсүнө өздөрү барып, бетме- бет сүйлөшүп, татыктууларды тандашат. Барууга мүмкүн болбогон аймактарда интернет байланышы аркылуу тандоолор жүргүзүлөт. “Баарлашуу” аркылуу студенттерди тандоонун максаты Түркиядагы билим алгандардын сапатын жогорулатуу болуп эсептелет.
2013 – жылы “Түркия стипендиялары” аркылуу Түркияда билим алууну көздөп конкурска катышуу баракчасын элүү беш миң талапкер толтуруп, интернет аркылуу жөнөткөн. Талапкерлер150 өлкөдөн болгон.
2013 – жылы Түркия стипендияларына 4000 студент кабыл алынып, учурда Түркиянын 130 университетинде билим алышууда. “Түркия стипендиялары” программасы аркылуу келген студенттер акысыз билим алат, ошондой эле стипендия, жатакана, медициналык коргоо менен окуусун бүткөнгө чейин камсыздалат.
Программаны обого даярдагандар – Назгул Кадырова жана Элдар Орозалиев.

 

Адабияттар:
1. http://www.ytb.gov.tr


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар