Илим жана маданият көпүрөлөрү - 28

ТИКА жана анын долбоорлору

150368
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 28

Баарыбызга маалым болгондой, өнүккөн өлкөлөр өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүү жана бул өлкөлөрдүн өзгөчө кырдаалдар учурундагы маселелерин чечүүгө көмөк берүү максатында акчалай жана натура иретинде жардам көрсөтүшөт. Бул жардамдар өнүгүү жардамдары деп аталат. Өнүгүү жардамдары глобалдык кызматташтыктын чыңдалышында маанилүү роль ойнойт.
Түркия Республикасынын тышкы саясатында жардамга муктаж болгон өлкөлөргө «өнүгүү жардамдарын» берүү маанилүү орунга ээ. 2003-жылы Түркия өкмөтүнүн башка өлкөлөргө берген тышкы жардамы 85 миллион долларды түзгөн болсо, 2012-жылы Түркия тарабынан көрсөтүлгөн тышкы жардамдын жалпы суммасы эки миллиард беш жүз отуз эки миллион долларга жеткен. Түркия 2012-жылы дүйнөдө «расмий өнүгүү жардамдары» түрүндөгү эң ири суммадагы жардамды көрсөткөн өлкө болду.
Түркиянын тышкы жардамдар боюнча иш-чаралары Түркия Республикасынын Премьер-министринин аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги тарабынан жүргүзүлөт. Түрк кызматташтык жана координация агенттиги дүйнөдө түркчө аталышынын кыскартылган түрү болгон ТИКА деген ат менен да таанымал. Кадырлуу угармандар, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында ТИКА жана анын долбоорлору тууралуу сөз кылабыз.
Түркия Советтер Союзу кыйраганда Орто Азия жана Кавказдагы түрк тектүү мамлекеттер менен байланышын кайрадан жандантуу үчүн олуттуу иш-аракеттерди баштаган. Түркия өкмөтү эгемендүүлүккө жетишкен түрк тектүү мамлекеттер менен кызматташа баштаганда социалдык, экономикалык жана маданий тармактарда кызматташуу боюнча атайын иш алып бара турган мамлекеттик структурага муктаждык пайда болгон. Дал ушул муктаждыкты жоюу үчүн 1992-жылы Түркия Республикасынын тышкы иштер министирлигинин карамагында Түрк кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгы деген структура негизделген. Кийинчерээк бул башкармалыктын аталышы Түрк кызматташтык жана координация агенттиги деп өзгөртүлгөн жана ТИКА премьер-министрдин аппаратынын карамагына өткөн.
1990-жылдарда ТИКА көбүнчө түрк тилдүү мамлекеттер жана калктардын өнүгүүсүнө жардам көрсөтүү жана түрк тилдүү мамлекеттер менен билим берүү, экономика жана башка тармактардагы кызматташтыкты чыңдоо багытында иш алып барган. Түркиянын экономикасы өнүгүп, дүйнөдөгү таасири күчөй баштаганда ТИКАнын аткарган милдетинде жана максатында чоң өзгөрүүлөр болду. Бүгүнкү күндө ТИКА түрк тилдүү мамлекеттер жана калктар менен эле чектелип калбай, Түркияга коңшу мамлекеттерге, ошондой эле өнүгүү жолуна түшкөн башка мамлекеттерге да жардам көрсөтүп, бул мамлекеттер жана калктар менен экономика, соода, техника, маданият, билим берүү жана социалдык чөйрөдөгү кызматташтыкты долбоорлор аркылуу чыңдоо боюнча да иш алып бара жатат.
Учурда дүйнөнүн отуз эки өлкөсүндө ТИКАнын отуз беш координациялык кеңсеси бар. Баса белгилей кетчү нерсе, ТИКА өзүнүн координациялык кеңсеси болбогон жүз он өлкөдө да максатына ылайык келген долбоорлорду жүзөгө ашырып келе жатат. ТИКАнын Бишкектеги координациялык кеңсеси 1993-жылы сентябрь айында «Кызматташуу жөнүндөгү протоколдун» алкагында ачылган. Аталган документке 1993-жылы 8-апрелде Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кол коюшкан.
Кадырлуу окурмандар, уктуруубуздун экинчи бөлүмүндө ТИКАнын Кыргызстанда жүзөгө ашырган долбоорлору тууралуу азыноолак сөз кылмакчыбыз.
«Шоокум» журналында берилген маалыматка караганда, ТИКАнын ишмердүүлүгүнө активдүү катышуу жагынан Кыргызстан Евразия өлкөлөрүнүн арасынан алдыңкы орундардын бирин ээлейт. 1992-жылдан 2007-жылга чейинки мезгилде ТИКАнын Кыргызстанга бөлгөн акча каражаттарынын жалпы суммасы он алты миллион доллардан ашкан.
ТИКАнын Кыргызстанда ишке ашырган эң ири долбоорлорунун бири «чучукту трансплантациялоо борборун түзүү боюнча долбоор» болуп саналат. ТИКАнын колдоосу менен 2006-жылы 5-августта Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Гематология улуттук илимий борборунун базасында «Кыргыз-түрк чучукту трансплантациялоо борбору» ачылган. Бул борбор Кыргызстанда гана эмес, бүткүл Борбордук Азиядагы жападан-жалгыз илимий борбор болуп саналат.
ТИКА Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагы үчүн өтө маанилүү болгон «оорукана куруу» багытындагы долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.
ТИКА Кыргызстандын билим берүү тармагына да чоң жардамдарды көрсөтүп келе жатат. Мисалы, ТИКАнын 2012-жылдагы иш-аракеттерин чагылдырган отчёттук китепчесиндеги маалыматтарга караганда, ТИКА башкармалыгынын колдоосу менен Ош шаарынын Ак-Тилек районунда ар кандай заманбап технологиялар менен жабдылган мектеп салынды; ТИКА тарабынан Кыргыз улуттук аскердик окуу жайына жана Алай районундагы «Бекир Нарматов» атындагы орто мектепке техникалык жана башка ар кандай жабдыктар жардамга берилди; Кыргызстандын ар башка аймактарындагы студенттик жатаканалар эмерек сыяктуу жабдыктар менен камсыз кылынды.
ТИКА «Кыргыз мамлекеттик архив кызматын модернизациялоо боюнча долбоор» деген маанилүү иш-чараны жүргүзүп,
бул долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттиги керектүү жабдыктар менен камсыз кылынып, аны менен катар атайын тренингдер уюштурулган.
Кыскасын айтканда ТИКА 1990-жылдардын башынан бери Орто Азия жана Кавказдагы түрк тектүү мамлекеттер менен экономика, соода, техника, маданият, билим берүү жана социалдык чөйрөдөгү кызматташтыгын ар кандай маанилүү долбоорлор жана программалар аркылуу өнүктүрүп келе жатат.
Программаны обого даярдагандар - Гүлдана Мурзакулова жана Абдрасул Исаков. Саламатта болуңуздар!

Адабияттар
1. TİKA Faaliyet Raporu 2012, http://store.tika.gov.tr/yayinlar/faaliyet-raporlari/faaliyet-raporu-2012.pdf, Erişim Tarihi: 04.07.2014.
2. “TİKA faaliyetleri ve Resmi Kalkınma Yardımları”, AR-GEVİZYON, Sayı: 7, Eylül 2013, http://www.akparti.org.tr/upload/documents/argevizyon-eylul2013.pdf, , Erişim Tarihi: 04.07.2014.
3. “Türk İşbirliği ve Koordinasyon Ajansı Başkanlığı”, http://www.tika.gov.tr/tika-hakkinda/1, Erişim Tarihi: 04.07.2014.
4. Тиканын интернет баракчасы, http://www.tika.gov.tr/
5. «ТИКА Кыргызстанда оорукана курууга көмөкөшөт»,
http://www.maralfm.kg/kabarlar-news/ekonomika/3777-TIKA-Kyrgyzstanda-oorukana-kuruuga-komokoshot.html, Маалыматты көчүрүү датасы: 13.06.2014.
6. Orta Asya ve Kafkaslar: Faaliyet ve Raporlar, http://store.tika.gov.tr/yayinlar/kurumsal-yayinlar/ortaasya_tr.pdf, Erişim Tarihi: 04.07.2014.
7. Самат Тоялиев, «Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгы», http://shookum.kg/t-rk-kyizmattashtyik-zhana-n-kt-r-bashkarmalyigyi/, Маалыматты көчүрүү датасы: 13.06.2014.


_

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар