Илим жана маданият көпүрөлөрү - 27

Орто Азиялык илимпоздор Гүлзура Жумакунаова жана Берди Сариев

150285
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 27

Урматтуу окурмандар, программабыздын бүгүнкү чыгарылышындагы сөзүбүз Түркиядагы Анкара университетинин ага окутуучулары Кыргызстандык Гүлзура Жумакунова жана Түркмөнстандык Берди Сариевдер тууралуу болмокчу.
Гүлзура Жумакунова 1954 – жылдын 30 – июлунда Нарын районундагы Он-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Эчки-Башы айылында туулган. 1976 – жылы Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетин артыкчылык менен бүтүргөн.
1976 –1984 – жылдар аралыгында Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясынын тил, адабият бөлүмүндө илимий редактор болуп эмгектенген. Гүлзура Жумакунова үчүн энциклопедия жазуу көптөгөн маалыматтардан кичинекей, кыска, нуска тыянак чыгарууга, тактыкка үйрөткөн мектеп болду. Жумакунова 1989 – жылы Кыргыз Улуттук илимдер академиясында “Манас эпосундагы тиричилик лексикасы” деген темадагы кандидаттык диссертациясын жактап, филология илимдеринин кандидаты деген окумуштуулук даражасын алган. Ошол эле жылы Кыргыз Улуттук университетине окутуучу болуп иштеп баштаган. 1990 – 1991 – жылдарда Москва шаарындагы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинен илимий тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Көп өтпөй эле филология илимдеринин доценти илимий даражасына жетишкен.
Гүлзура Жумакунованын Түркиядагы эмгек жолу 1994-жылы Түркия республикасынын тышкы иштер министрлигинин карамагындагы “Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин” башкы кеңсесинде чет элдик адис болуп эмгектенүүдөн башталган.
Көпчүлүккө маалым болгондой, Анкара университети Түркиядагы эң алдыңкы университеттердин бири болуп саналат. Бул университетте өз тармагында мыкты иш алып барган илимпоздор эмгектенет. Кыргызстандык илимпоз Гүлзура Жумакунова ушул университеттин тил, тарых жана география факультетинде 1996-жылы окутуучу болуп эмгектене баштаган. Ал Анкара университетинде талыкпастан эмгектенүү менен көптөгөн ийгиликтерди жаратып, 2007-жылы “филология илимдеринин профессору даражасын алды.
Баса белгилей кетчү нерсе, Жумакунова 1998 – 2008 – жылдар аралыгында Түркия улуттук теле-радио корпорациясынын “Түркия үнү” радиосунун Кыргызча бөлүмүндө жетекчилик кызматты аркалаган. Бул жылдар аралыгында аталган бөлүмдүн негизделиши, түптөлүшү жана өнүгүшүнө чоң салымын кошкон.
Гүлзура Жумакунова чет жерде илимий жактан өлкөбүздү таанытып, Түркия - Кыргызстан мамилелерине өзүнүн илимий эмгектери менен салымын кошуп келе жаткан, кылган иштери менен өлкөбүздөгү жаштарга өрнөк болгон атуулдарыбыздын бири. Кыргызстандын атынан дүйнөнүн булуң – бурчундагы ар түрдүү илимий жыйындарга катышып, өлкөбүздүн илим жаатындагы жетишкендиктери менен дүйнөнү кабардар кылып келет. Гүлзура Жумакунованын адабият жана тил боюнча азыркы кезге чейин алты китеби жана элүүдөн ашуун илимий макалалары түрк, орус, кыргыз жана англис тилдеринде жарык көргөн. Жыйырмага жакын түрк тилинен кыргызчага жана кыргыз тилинен түркчөгө которулган балдар адабияты, илимий, адабий жана ислам дини тууралуу котормолору бар. Учурда Гүлзура Жумакунова кыргыздын белгилүү акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата китеп даярдап, аны алты тилде басып чыгаруунун үстүндө иштеп жатат.
2005 – жылы Манас университетинин басмаканасынан элүү миң сөздөн турган Түркчө – кыргызча сөздүк жарыялап, эки тилдин ортосундагы байланыштын чыңдалуусуна салым кошкон.
Түркологиянын жалпы маселелери, кыргыз таануу, Манас таануу, Айтматов таануу жаатында алгылыктуу эмгектерди жараткан филология илимдеринин доктору, профессор Гүлзура Жумакунова үй бүлөлүү, эки кыз, бир уул жана 4 небереси бар.
Кадырлуу окурмандар, программабыздын экинчи каарманы -Түркмөнстандын атуулу, түрколог, филология илимдеринин доктору, доцент Берди Сариев.
Берди Сариев 1954 – жылы Түркмөнстандын Балкан областынын Беркан районундагы Казанжык айылында туулган. 1974 – жылы Түркмөн мамлекеттик университетинин Түркмөн тили жана адабияты бөлүмүнө тапшырган. 1979 – жылы аталган бөлүмдү артыкчылык менен бүтүргөн. Ошол эле жылы Туркмөнстан билим берүү министрлигинин карамагындагы Педагогика илимдер институтунун Туркмөн тили жана адабияты бөлүмүндө илимий кызматкер болуп эмгектене баштаган. Түркмөнстан илимдер академиясынын Махтумкулу тил жана адабият изилдөө институтунун сөздүкчүлүк бөлүмүндө аспирантурада окуп, 1991-жылы “филология илимдеринин доктору” илимий даражасына ээ болгон.
Берди Сариевдин Түркиядагы эмгек жолу Гүлзура Жумакунованыкына окшош. Берди Сариев дагы Түркияда эң алгач Туркиянын тышкы иштер министрлигинин алдындагы “Түрк кызматташтык жана координация агенттигинде” чет элдик адис болуп эмгектенген. Андан кийин Анкара университетинин тил, тарых жана география факультетинин окутуучусу болуп иштей баштаган.
Филология илимдеринин доктору, доцент Берди Сариев - үй бүлөлүү, 7 кыз, бир уулдун атасы.
Түркмөнстандык илимпоз Сариев түркмөн адабиятынын классикалык акыны Мактумкулунун чыгармаларынын үстүндө көп жылдар бою талыкпастан эмгектенип, анын чыгармаларынын жалпы түрк дүйнөсүнө таанылышына эбегейсиз салым кошкон. Берди Сариевдин туркмөнчө, орусча жана түркчө жарыяланган 100 гө жакын эмгектери жана китептери бар. Учурда Берди Сариев улуу акыныбыз Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Гүлзура Жумакунова тарабынан алты тилде даярдалып жаткан “Токтогул Сатылгановго белек” аттуу китеп үчүн акыныбыздын чыгармаларын түркмөн тилине которуунун үстүндө иштөөдө.
Эмгеги элге өрнөк, каалоосу калкына кызмат болгон окумуштууларбыз Гүлзура Жумакунова жана Берди Сариевге мындан ары да жалпы түрк тектүү элдердин биримдиги, ынтымагы үчүн кызмат кылып жүрө берүүлөрүнө тилектешпиз.
Программаны обого даярдагандар – Назгул Кадырова жана Элдар Орозалиев.


Адабияттар:
1. http://ky.wikipedia.org/wiki/Жумакунова,_Гүлзура, маалыматты
жүктөө датасы: 25. 06. 2014.
2. Достук көпүрөсү журналы, 3 – сан, 2013.
3. http://turklehceleri.humanity.ankara.edu.tr/kisiler/berdi_sariyev.htm,
маалыматты жүктөө датасы: 25. 06. 2014


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар