Илим жана маданият көпүрөлөрү - 25

Түркиялык тарыхчылар Мустафа Калкан, Мехмет Кылдыроглу

145118
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 25

Азыркы түрк тектүү калктардын арасынан тарых барактарына өз атын эң биринчилерден жаздырган кыргыздардын өтмүшүн изилдөө ары кызыктуу, ары татаал десек жаңылышпайбыз. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттериндеги тарыхчылар түрк калктарынын тарыхын жазып жатканда кыргыздар жөнүндө сөзсүз жазып кетишкен. Түркиядагы Жалпы түрк тарыхын изилдеген тарыхчылар дагы эмгектеринде кыргыз тарыхы боюнча жазып калтырышкан. Ибрахим Кафесоглу, Зеки Велиди Тоган, Абдулкадир Инан, Бахаеддин Өгел, Рамазан Шешен, Надир Девлет, Решат Генч, Мехмет Сарай, Гүлчин Чандарлыоглу, Үчлер Булдук, Ахмет Ташагыл, Саадеттин Гөмеч, Абдуллах Гүндогду сыяктуу тарыхчылар изилдөөлөрүндө кыргыздардын тарыхына кайрылышкан.
Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда билим берүү тармагында кызматташтык түзүлдү. Түркиядан Кыргызстанга кыргыз тарыхы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, билимин тереңдетүү максатында илимпоздор келе башташты.
Программабыздын бүгүнкү чыгарылышында кыргыз тарыхы боюнча маанилүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн түрк тарыхчылары Мустафа Калкан жана Мехмет Кылдыроглу тууралуу сөз кылабыз.
Мустафа Калкан 1970-жылдын 22-сентябрында Түркиянын Эрзурум шаарында туулган. Орто мектепти бүтүргөн соң Анкара шаарында жайгашкан Гази университинин тарых бөлүмүндө билим алган. Ушул эле университетте магистратураны 1998-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Мустафа Калкан 1999-жылдан 2012-жылга чейин Кыргызстандагы белгилүү университеттерде студенттерге дарс берди. Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын изилдеген илимий долбоорлорду ишке ашырды.
Мустафа Калкан 2008-жылы белгилүү кыргыз тарыхчысы Өмүркул Караевдин орто кылымдагы Кыргызстан тарыхын баяндаган китебин түрк тилине которуп, “Түрктөр жана кагандыктары” деген ат менен Стамбул шаарында бастырып чыгарды. Жети-Суу, Теңир-Тоо жана Фергана аймагындагы нумизматикалык табылгалар жана санат буюмдары боюнча даярдаган китеби басылуунун алдында турат.
Программабыздын экинчи каарманы болгон тарыхчы Мехмет Кылдыроглу 1961-жылдын 15-мартында Түркиянын Кастамону облусунун Тосия районунда жарык дүйнөгө келген. 1992-жылы Эрзурум шаарында жайгашкан Ататүрк университетин ийгиликтүү аяктаган. 1998-жылы Казакстандагы Кожа Ахмет Ясави атындагы казак-түрк эл аралык университетинде магистрдик диссертациясын коргогон.
Кылдыроглу 1998-жылдан бери Кыргыз-түрк “Манас” университетинде студенттерге таалим-тарбия берип келүүдө. Студенттерге дарс берүү менен бирге университеттин коомдук журналында да башкаруучулук кызматтарды аркалады.

Түркиялык тарыхчылар Мустафа Калкан менен Мехмет Кылдыроглунун көптөгөн окшош тараптары бар. Магистрдик даражасына ээ болгон бул эки жаш илимпоз 1998-1999-жылдары Кыргызстанга келип, билим алууну бул жерде улантышты. Эки тарыхчы белгилүү кыргыз тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Анварбек Мокеевдин илимий жетекчилиги астында кыргыз тарыхын мыкты үйрөнүштү. Мустафа Калкан жана Мехмет Кылдыроглу Анвар Мокеевдин илимий жетекчилиги астында кыргыз тарыхынын оорчундуу маселелеринен болгон кыргыз-казак жана кыргыз-кыпчак мамилелери боюнча кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошту. Аталган диссертациялар Түркияда китеп болуп басылып чыкты. Мустафа Калкандын “Кыргыздар жана казактар” аттуу китеби 2008-жылы Стамбулда, Мехмед Кылдыроглунун “Кыргыздар жана кыпчактар” аттуу китеби 2013-жылы Анкарада Түрк тарых комитети тарабынан басылды. Бул китептер кыргыз тарыхы боюнча Түркияда жарык көргөн салмактуу китептерден болуп калды. Эки илимпоз Кыргызстанда алгачкылардан болуп кыргыз тарыхы боюнча илимий иштерин ийгиликтүү коргогон түркиялык илимпоздор катары аттарын кыргыз илим тарыхына жаздырышты.
Эки тарыхчы көптөгөн жылдар бою Кыргыз-түрк “Манас” университетинде эмгектеништи. Аты аталган университеттин китепканасы үчүн чет мамлекеттерден баалуу китептерди топтоого көмөк кылышты. Жаштарга таалим-тарбия беришти. Өздөрү да кыргыз менен казактан кыз алышып бизге күйөө бала болуп калышты. Өзгөнгө күйөө бала болгон Мехмет Кылдыроглунун тамашалап “Оштон болом” деп айтканын студенттери айтып жүрүшөт.
Мустафа Калкан менен Мехмед Кылдыроглу эл аралык илимий симпозиумдарда кыргыз тарыхынын маселелерин чагылдырган көптөгөн докладдар сунуп келе жатышат. Алардын кыргыз тарыхы боюнча жазган ондогон макалалары кыргыз, орус жана түрк тилдеринде басылып чыкты.
Мустафа Калкан менен Мехмет Кылдыроглунун мындан кийинки илимий иштерине ийгиликтер каалайбыз. Түркиялык кыргыз тарыхчыларга арналган бүгүнкү программабыз ушуну менен соңуна чыкты.
Программаны обого даярдагандар – Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова. Келээрки уктуруубузда жолугушканга чейин саламатта болуңуздар!

Колдонулган адабияттар
1. Mustafa Kalkan, Kırgızlar ve Kazaklar, İstanbul, 2008.
2. http://www.kazakhan.org/index.php?lng=tr, (Мустафа Калкандын жеке веб баракчасы), маалыматты жүктөө датасы: 16.06.2014.
3. “Mustafa Kalkan’ın Özgeçmişi”, http://tarihbb.karatekin.edu.tr/files/mustafa_kalkan_20131.pdf, маалыматты жүктөө датасы: 16.06.2014.
4. Mehmet Kıldıroğlu, Kırgızlar ve Kıpçaklar, Ankara, 2013.
5. “Mehmet Kıldıroğlu’nun Özgeçmişi”, http://trdocs.org/docs/index-47922.html жүктөө датасы: 16.06.2014.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар