Илим жана маданият көпүрөлөрү - 24

Өзбектер теккеси

145111
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 24

 

Орто Азия менен Осмон императорлугунун ортосундагы маданий, социалдык жана саясий көпүрө болгон “өзбек теккелери” жөнүндө маалыматыңыздар барбы?! Программабыздын бугүнкү чыгарылышында Стамбул шаарында жайгашкан “Өзбек теккелери” жөнүндө айтып бермекчибиз. Анда эмесе биз менен чогуу болуңуздар.

Филология илимдеринин доктору, профессор Гүлзура Жумакунованын “Түркчө- кыргызча сөздүгүндө” “текке” жеген сөз диний термин катары көрсөтүлгөн жана “дервиштер жайы” деп которулган. Учурда Стамбул шаарында “өзбектер теккеси” деп аталган үч имарат бар. Алар кээ бир булактарда “Бухара теккеси” же болбосо “Бухари теккеси” деп аталып жүрөт. Айрыкча бул жайлардын эл оозунда “календеркана” деген аты да болгон. Бул жайлардын “календеркана” деп аталып калышынын себебин окумуштуулар “бул жердин жашоочулары бойдок, эч кандай жумуш менен алектенбеген, кийимдерди жана кыймыл аракеттери менен календерлерге окшошуп калышкандыктан эл оозунда ушундай аталып калышкан” деп түшүндүрүп келишүүдө. Бул жерде негизинен Орто Азиядан келген “накшбандия” диний уюмуна мүчө дербиштер жашашкан. Алгач бойдоктор жашаса да, кийинчирээк шейхтер үй – бүлөсү менен жашаганы жөнүндө маалыматтар бар. Айта кетчү нерсе, бул жайда бойдок дербиштер гана жашаш керек деген шарт эч качан коюлган эмес. Имараттардын ички түзүлүшүндө аялдарга жана үй -бүлөлүүлөргө тиешелүү бөлмөлөр болгон.
Тарыхый маалыматтарга караганда Стамбулдагы эң алгачкы өзбек дербиштер жайы 1692 – 1693 – жылдары курулган. Учурда Сокуллу Мехмет паша көчөсүндөгү өрүштө жайгашкан бул имаратты Орто Азиядан келген дербиштер үчүн ошол учурдагы Стамбул шаарынын башкы катчысы Исмаил эфенди салдырган. Анткени Орто Азиядан келген шейхтер Орто Азия хандыктары менен Осмон императорлугунун ортосундагы байланышты түзүүдө жана чыңдоодо маанилүү роль ойношкон. Кыргыз тилиндеги “П” тамгасы формасында салынган бул имарат алгач 3 кабаттуу болуп, шейх бөлмөсү, ар бир кабатта бирден конок бөлмөсү менен алтыдан бөлмөсү, бир мончосу, бир мечити жана ажаатканасы болгон. Айрыкча мөмөлүү бактар тигилген чакан бакчасы болгон. Бул дербиштер жайынын алгачкы реставрациясы Султан Абдүлхамид Экинчинин убагында 1887 – 1888 – жылдары жасалган. 1900 – жылы Бухара хандыгынын маанилүү мамлекеттик кызматчыларынан Астанкул мырза дагы бир жолу реставрация кылдырган жана копмлекске кошумча бөлмөлөрдү коштурган. 1925 – жылы диний жайлардын ишмердигине мамлекет тыюу салгандан кийин Сокуллу Мехмет паша көчөсүндөгү өзбек дербиштер жайынын имараты “Түркстан жаштар биримдиги”, “Түркстандыктардын маданият жана социалдык коому”, “Түркстандык студенттердин коому” сыяктуу жарандык коомдордун имараты катары кызмат кылган. Кийинчирээк кароосуз калган бул имарат 1990 – жылы мамлекеттик программага киргизилип, толук реставрациялоо иши башталган. Учурда абалы жакшы.
“Өзбектер теккеси” деген ат менен белгилүү болгон дербиштердин жайынын салыныш максаттарынын бири, чындыгында эле, Орто Азия хандыктары менен Осмон императорлугунун ортосундагы мамилени жакшыртуу болгон. 18 – кылымдан баштап өзбек дербиштер жайында жашаган шейхтер Осмон императорлугу тарабынан Орто Азиядагы хандыктардын элчиси болуп дайындалган. 18 – кылымда Яхыя эфенди жана 19– кылымда Мехмет эфенди Орто Азияга келип, мамлекеттик башкаруучулар менен жолугушууларды өткөргөн. Айрыкча Бухара хандыгынан Осмон императорлугуна келген элчилер жана ар түрдүү даражадагы мамлекеттик кызматкерлер дербиштер жайында коноктолгон.
Чагатай тилин изилдеген немец окумуштуу Хартманн өзүнүн макалаларындагы көптөгөн маалыматтарды Сокуллу Мехмет паша көчөсүндөгү өрүштө жайгашкан өзбек дербиштер жайынынын китепканасынан тапкан экен. 19 – кылымдын аягында Сулайман эфенди бул жайды жетектеп турганда “Чагатайча – түркчө сөздүк” даярдап, Кулкожо Ахмет Ясавинин чыгармаларын түркчөгө которгон.
Стамбул шаарынын Мүнир Эртегүн көчөсүндө дагы бир өзбек дербиштер жайы бар. Аны 1753 – жылы Мараш губернатору Абдуллах паша салдырган. Алгач жупуну эле имарат болгон бул жай кийинчерээк жаңы имараттардын айланасына кошулушу менен толук кандуу дербиштер жайына айланган. 1844 – жылы Абдүлмежит султан толук реставрация жасатып, учурдагы абалына келтирген. 1849 – жылы бухаралык шейх Мехмет Режеп эфенди, уулу жана мураскору шейх Мехмет Садык эфендинин урматына бакчасына кудук салдырылган. Айрыкча бул жерде “Өзбек пилавы” деп аталган тамак бышырылып элдерге акысыз таркатылган. Бул иштер үчүн мамлекеттик казынадан эт жана акчалай жардам бөлүнүп тургандыгы Осмон императорлугунун эсеп кагаздарында жазылуу.
Бул жайдын дагы бир өзгөчөлүгү Түркиянын “улуттук боштондук күрөшү” учурунда оорукана жана Стамбул менен Анкаранын ортосунда маанилүү маалыматтарды жеткирип турган жай катары кызмат кылган. Андан кийинки башаламандык учурунда Стамбул шаарында куугунтукка алынган Исмет Инөнү, Халиде Эдип сыяктуу көптөгөн саясий жана маданий ишмерлердин баш калкалоочу жайы болгон. Ушул күндө түркиялыктар «өзбек дербиштер жайы» дегенде эң биринчи кезекте бул жайлардын Түркиянын “улуттук күрөшү” учурунда көрсөткөн баатырдык иш-чараларын эскеришет.
Эми болсо Стамбулдун борбордук аймагында орун алган “Эйүп өзбек теккеси” деп аталган өзбек дербиштер жайы тууралуу учкай сөз кылып өтөлү. Бул имарат 1743 – жылы Лализаде Абдүлбаки эфенди тарабынан салдырылган. Бул имарат негизинен Орто Азиядан ажылык үчүн бара жаткандар үчүн кызмат кылган. Орто Азиядан ажылыкка бараткандар Осмон императорлугунан уруксат алгандан кийин Меккеге барууга тийиш болгон. Осмон императору “халифа” катары жума күндөрү Эйүп мечитине келген жана ажылыкка бара жаткандарга уруксат берген. Ошондуктан ажылыкка чыккандар бул мечиттин жанындагы өзбек дербиштер жайында түнөшчү экен. 1925 – жылкы тыюу салуудан кийин ишмердүүлүгүн акырындап жоготкон бул тарыхый имарат, учурда реставрацияга муктаж.
Кыскасын айтканда, Стамбул шаарындагы “өзбектер теккеси” деген ат менен белгилүү болгон дербиштердин жайлары Түркстандагы калктар менен Осмон императорлугунун ортосундагы достукту жана ымаланы чыңдоодо абдан маанилүү орунга ээ болгон.
Программаны обого даярдагандар – Назгул Кадырова жана Элдар Орозалиев.


Адабияттар

1. Гүлзура Жумакунова , Түркчө – кыргызча сөздүк, Бишкек, 2005.
2. Özbekler Tekkesi, Diyanet Vakfı İslam Ansiklopedisi, 34.cilt, Ankara, 2007, s. 121-123.
3. A. Ersen - M. Ulukan, ‘Özbekler Tekkesi’, Tarih, Kültür ve Sanatlarıyla Eyüp Sultan Sempozyumu IX Bildiri Kitabı, İstanbul, 2005, S. 136-140.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар