Илим жана маданият көпүрөлөрү - 23

Абу Рейхан Бируни

142372
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 23

Ислам ренессансынын гүлдөп турган чагы болгон 10-11-кылымдарда Орто Азия чөлкөмүндө илимдин бир топ тармагында зор ийгиликтерди жараткан аалым-энциклопедиячылар жашап өтүшкөн. Баарыбыздын орток бабаларыбыз болуп эсептелген бул аалымдардын эмгектери ушул күнгө чейин адамзатын таң калтырып келе жатат. Ушундай аалымдардын эң алдыңкы катарында Абу Рейхан Бируни турат. Программабыздын бүгүнкү чыгарылышында Бирунинин өмүр таржымалы жана илимий эмгектери жөнүндө кеп козгойбуз.

Улуу аалым- энциклопедиячы Абу Рейхан Бируни Хорезмдин борбору Кас шаарында 973-жылы жарык дүйнөгө келген. Анын толук аты Абу Рейхан Мухаммед ибн Ахмед Аль-Бируни болгон.
Абу Рейхан Бирунинин ата-теги тууралуу маалымат жок. Айрым булактарга караганда, Бируни өзүнүн ырларынын биринде чоң атасы жана теги жөнүндө эч нерсе билбегендигин, алтургай атасын тааныбагандыгын айтып өткөн. Бирунинин кайсыл улуттан экендиги да так белгилүү эмес. Түрк илимпоздору анын парс же араб эмес, түрк улутунан болгондугу тууралуу божомолдун чындыкка жакын экендигин айтып келе жатышат.
Түркиялык илимпоз Гүнай Түмердин Бируни жөнүндө жазган макаласына таянсак, Бируни арабча жана парсчанын өзүнүн эне тили эместигин, өз эне тилинин илимий тил болбогондугун айтып өткөн. Кыргыз илимпоз Асылбек Эшиев «Орто кылымдык иран-тажик жана орток түрк поэзиясындагы интеграциялык процесстер: гумандуулук идеялары» аттуу эмгегинде Абу Рейхан Бирунинин эне тили катары хорезм тилин көрсөткөн. Кандай болсо да, Бируни өз доорунун шарт-талабына жараша илимий эмгектерин араб тилинде жаратып, илим дүйнөсүндө араб тили аркылуу из салган. Ушул жерде баса белгилей кетчү нерсе, Абу Рейхан Бируни арапчадан сырткары грек, байыркы еврей, Сирия, парс, түрк тилдерин билген жана жашоосунун бир мезгилинде санскрит тилин да өздөштүргөн.
Бируни өзүнүн китептеринин биринде балалык чагында Кастагы хансарайда түркмөн карыя менен жолугушканын эскерип өткөн. Айрым илимпоздор ушул маалыматты негиз кылып алып, Бируни кичинекей чагында эле Афригийлер династиясынан чыккан хорезмшахтардын коргоосуна жана камкордугуна алынып, хансарайдагы тарбияны көрүп өскөн дешет.
Бируни белгилүү математик Абу Наср Ибн Ирактан таалим алган. Анын «устатым» деген сөздү бир гана Абу Наср Ибн Иракка карата колдонгону айтылып жүрөт. Бирунинин изилдөөчүлүк шыгы күчтүү болгону талашсыз. Ал астрономия жана география багытында маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимге салымын кошо баштаганда он жети гана жашында болгон. Жыйырма эки жаш курагында жердин модели болгон глобусту жасаган.
995-жылы Мамунийлер Кас шаарына чабуул жасап, Афригийлер династиясын кулатканда Абу Рейхан Бируни туулган жерин таштап Рей шаарына кеткен. Ушундан кийин ал Иран менен Турандагы Мансур Экинчи, Кабус, Абу Хасан Али ибн Мамун, Хорезмшах Абу Аббас Мамун сымал өкүмдарлардын камкордугу астына алынып, илимий изилдөөлөрүн жүргүзгөн. Бируни Хорезмшах Абу Аббас Мамундун кеңешчиси болуп да иштеген. Газневиддердин өкүмдары Махмуд Хорезмшахтын хансарайындагы аалымдарды өзүнүн кол алдында кызмат кылууга чакырганда Абу Рейхан Бируни өкүмдардын сунушун кабыл алган. Ошондо ал 44 жаштарында эле. Бируни бул жерде маанилүү илимий эмгектерин жараткан.
Бирунинин өлгөн жылы боюнча так маалымат жок. Айрым булактарга караганда ал 1051-жылы каза болгон.
Кадырлуу окурмандар, программабыздын бул бөлүгүндө улуу аалым Абу Рейхан Бирунинин эмгектери жана пикирлери тууралуу азыноолак сөз кылмакчыбыз.

Бируни чыныгы илимпоз-энциклопедиячы болгон. Ал астрономия, математика, физика, медицина, география, тарых илимдерин мыкты өздөштүрүп, бул багыттар боюнча жүз элүүдөн ашуун илимий эмгек жараткан.
Анын «Жылдыздар илими», «Маасудийдин мыйзамы», «Геодезия» аттуу китептери астрономияга арналып, аларда күн, ай жана планеталарга тиешелүү маалыматтар берилген. Бируни планеталардан Меркурий менен Венеранын күндөн алыс кетпегенин аныктаган жана ушунун негизинде бул эки планета күндүн айланасында айланса керек деген жыйынтыкка келген. Ал күн ушул эки планета менен бирге жерди айланат деп элестеткен болсо да, анын Меркурий жана Венерага тиешелүү 11-кылымдагы пикири гелиоцентрикалык теорияга карай коюлган алгачкы кадам эле. Бируни асмандын кыймылы Жердин өз огу айланасында айлануусунун натыйжасы болуп саналат деп баса белгилеген.
Бируни тарых илими боюнча жазган «Өткөн доорлордон калган эстеликтер» деген эмгегинде бир канча чыгыш элдеринин арабдарга чейинки өнүккөн маданиятынан кабардар кылган маанилүү маалыматтарды берген.
Нурбүбү Асипованын пикири боюнча, Бируни педагог деген сөздүн чыныгы мааниси жөнүндө ой жүгүрткөн. Анын «Тафхим» аттуу китеби көптөгөн педагогикалык артыкчылыкка ээ болуп, окуучулар үчүн окуу китеби катары пайдаланылган. Бул эмгегинде ал окуучунун алдына мааниси толук ачылбаган суроолорду коюу менен аны ойлонтуу жана эркин жооп издетүү керектигин айткан.
Баса белгилей кетчүү дагы бир нерсе, айтылуу дарыгер Ибн Сина Бирунинин замандашы болгон жана Бируни менен Ибн Сина илимий маселелер боюнча суроо-жооп каттарын алышып турушкан. Эки аалым мейкиндик, кыймыл, дүйнөнүн түзүлүшү, асман телолорунун формалары, боштук, нерселердин өзгөрмөлүүлүгү, бөтөн дүйнөдөгү жашоо, атомдордун бөлүнүшү өңдүү маселелер жөнүндө жазуу жүзүндө өз ара талкуу жүргүзүшкөн.
Программаны обого даярдагандар-Гүлдана Мурзакулова жана Абдрасул Исаков.

Адабияттар
1. А. М. Эшиев, Орто кылымдык орток түрк жана иран-тажик поэзиясындагы интеграциялык процесстер: гумандуулук идеялары, http://arch.kyrlibnet.kg/uploads/Eshiev%20A.M.pdf, Маалыматты жүктөө датасы: 01.05.2014.
2. Abdullah Duman, “Bîrûnî: İlmî Kişiliği, Tarih Anlayışı ve Yöntemi”, Türk Dünyası İncelemeleri Dergisi, X/2 (Kış 2010), s. 19-38.
3. Коңурбаев Бакыт, Мусулмандардын табият илимдерине кошкон салымдары жана ачылыштары, http://www.akbashat.kg/7-13.php
4. Нурбүбү Асипова, Билим философиясы жана тарыхы, Бишкек: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басылмалары, 2010,119-120-б.
5. İbrahim Agâh Çubukçu, “Birunî”, http://dergiler.ankara.edu.tr/dergiler/37/772/9830.pdf, Erişim Tarihi: 03.05.2014.
6. П. Хабибуллаев, А. Байдедаев, А. Бахрамов, М. Юлдашева, Физика:Жалпы орто билим берүүчү мектептердин 9-классы үчүн окуу китеби, Ташкент, 2010, 133-б.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар