Илим жана маданият көпүрөлөрү - 22

ТҮРКСОЙ

127975
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 22


ТҮРКСОЙ жалпы түрк тектүү калктардын достугу, ынтымагы жана биримдиги үчүн кызмат кылып, дүйнөнүн баардык жеринде жалпы түрк маданиятын татыктуу таанытууга аракет кылып келе жаткан эл аралык уюм болуп эсептелет.
Урматтуу окурмандар, бүгүнкү уктуруубузда дал ушул түрк маданий кызматташтык уюму болгон ТҮРКСОЙдун түптөлүшү, максаттары жана аткарып жаткан иш-аракеттери жөнүндө азыноолак сөз кылмакчыбыз.
20 – кылымдын аягында түрк тектүү калктардын дүйнөдөгү жалпы саны 200 миллиондон ашык деп белгиленген. Бул калктар негизинен Евразия материгинде чачыранды жайгашкан. Ар бир улут өз – өзүнчө дүйнөлүк улуу маданияттарга каршы турууга чамасы чарк эле.
1992 – жылдын июнь айында Стамбул шаарындагы эгемендүү түрк тилдүү өлкөлөр Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын маданият министрлери катышкан жыйында алгачкы жолу маданий багытта иш алып барган бир уюм түзүү маселеси көтөрүлөт. 1993 – жылдын 12 – июнунда Алма Атада чогулган жогоруда аты аталган 6 өлкөнүн маданият министрлеринин макулдашуусу менен ТҮРКСОЙ (Түрк маданият орток башкаруусу) уюму түзүлөт. Уюмдун мүчө өлкөлөрдүн ички жана тышкы саясатына аралашпастан, маданий иш-чаралар менен алектенээри белгиленген. ТҮРКСОЙдун орток колдонулган тили түркчө, башкы кеңсеси Анкарада жайгашкан. Уюмдун башкаруу кеңеши мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринен турат. Алар жыл сайын бир ирет алдын ала белгиленген шаарда жолугушуп, өткөн жылдагы уюмдун ишмердүүлүгүн баалашып, кийинки жылдын планын бекитишет. Бул жыйындарда кабыл алынган программа ТҮРКСОЙдун жооптуу катчысы жана кызматкерлери тарабынан аткарылат. Жооптуу катчы 4 жылга мүчө өлкөлөрдөн кезеги менен дайындалып турат. Ушул убакка чейин Азербайжандан Полат Бүлбүлоглу 3 жолу бул кызматты аркалаган. Учурда Казакстандан Дүсен Касеинов жооптуу катчылык кызматынын 2 – мөөнөтүн аткарып жатат.
Уюмдун башкы кеңсесинде жооптуу катчыдан тышкары мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана Түркия тарабынан дайындалган бир катар кызматкерлер эмгектенишет. Куруучу өлкөлөрдөн сырткары уюмга Россия Федерациясынан алты республика: Алтай, Тува, Хакас, Татарстан, Башкурт жана Саха – Якутия республикалары, Молдовадан Гагаузия жана Түркиядан Түндүк Кипр Түркия Республикасы байкоочу өлкөлөр катары кошулушкан. Уюмда куруучу өлкөлөр менен байкоочу өлкөлөрдүн укуктары бирдей каралган. Уюм түрк тектүү калктар жашаган аймактарда гана иш алып баруу менен чектелип калган эмес. ТҮРКСОЙ, иш-чараларында жана эл аралык мамилелеринде адам укуктарын сыйлаган расмий жана бей расмий бардык уюм жана курулуштар менен кызматташат. ТҮРКСОЙдун максаттары, милдеттери жана алып барган иштери эл аралык маданий мурастар фонду ЮНЕСКОго окшошуп кетет. ТҮРКСОЙ түрк тектүү өлкөлөрдүн улуттук өзгөчөлүгүнүн кайра жаралышына, мамлекеттүүлүктүн калыптануусуна жана демократиянын өнүгүшүнө жардамчы болууда. 2009 – жылдын 16 – 17 – октябрь күндөрү Азербайжандын Баку шаарында чогулгон ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин жалпы макулдашуусу менен уюмдун атынын чечмелениши “түрк кызматташтык комиссиясы” деп өзгөртүлгөн.
Алгачкы иш-чарасын 1993 – жылы Анкарада “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жазуучуларынын жыйыны” менен баштаган ТҮРКСОЙ, жылдан жылга маданият тармагындагы кызматташтыктарды кеңейтип, өзүнүн 22 – жылдык тарыхында эбегейсиз эмгектерди жасады. Актёрлор, акындар, ырчылар, скульпторлор, жазуучулар, опера кызматкерлери, китепканачылар, журналисттер, сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр жана киноматографтар үчүн өз өзүнчө жыйындарды өткөрүп, бири – бири менен пикир алмашып, орток долбоорлор түзүп берип, тажрыйбаларын арттыруучу семинарларды өткөрүп, концерт, көргөзмө, жарманке, опералар менен алыстагы туугандарды жакындаштырууда. Ар түрдүү сынак, оюндарды өткөрүп, орток чыгармалар жыйнагын, жеке адамдардын чыгармаларын, эпос, дастардарды бастырып, эскерүү кечелерин уюштуруп келе жатат.
Уюм 1996 – жылы Болу шаарында “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата эл аралык илимий конференция өткөрүү менен эскерүү иштерин баштаган. Анын аркасынан жалпы түрк тарыхынын орток мурастары болгон Махмут Кашгари, Жусуп Баласагын, Ч. Айтматов, М. Ауэзов, Фузули, И. Гаспыралы, Махтумкулу Фираги, Көроглу жана башка көптөгөн аалым, окумуштуу, өнөрпоз жана маданият ишмерлерин эскерүү кечелерин уюштурушкан.
ТҮРКСОЙ түрк тилдүү калктардын чыгармаларын басуу ишине 1994 – жылы, “Манас” эпосунун 1000 жылдык маарекесине карата Профессор доктор Эмине Гүрсой Наскалинин “Манас дастаны” аттуу китеби менен баштаган. Уюм бардык түрк тилдүү калктардын элдик оозеки жана жазма адабияты чыгармаларынан китептерди басууга жетишишти. Айрыкча ТҮРКСОЙ аттуу 3 айлык журнал аркылуу бардык иш-чараларын окурмандарына таанытып турушат.
ЮНЕСКО менен ТҮРКСОЙ 1996 – жылдын 4 – апрелинде Парижде 8 бөлүмдөн турган макулдашууга кол койгон. Бул макулдашууда эки уюм арасында кызматташтык, тажрыйба алмашуу, өкүлчүлүктөрдү дайындоо, кабарлашуу, техникалык жактан көмөктөшүү каралган. Бул макулдашуунун негизинде ТҮРКСОЙ ЮНЕСКОго 2012 - жылы түрк тектүү элдерге тиешелүү бир катар орток жана жеке баалуулуктардын тизмесин жөнөткөн. Ал тизмеге ылайык кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгынын туу чокусу болгон Манас эпосу, улуттук кол өнөрчүлүктөн кийизден жасалган шырдак, ала кийиз, жыгач устачылыгы, музыкалык аспаптар, орток өнөрлөрдөн Казакстан менен чогуу акындык өнөрүбүз айтыш, улуттук ат оюндары көк бөрү, кыз куумай, эр эңиш жана улуттук оюнубуз күрөш жана башка бир катар улуттук баалуулуктарыбыз ЮНЕСКОнун тизмесине кирген.
2010 – жылы Стамбулда өткөрүлгөн “Түрк тектүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын 10 - жыйынында” ТҮРКСОЙ тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу долбоор сунушталып, колдоого ээ болгон. Бул проекттин негизинде 2012- жыл “Түрк тилдүү элдердин маданият борбору” катары Астана шаары аталды. 2013 – жылы Эскишехир, 2014 – жылы Казан шаарлары маданий борбор болуу мүмкүнчүгүнө ээ болушту. 2015 – жылы маданий борбордун Бишкекке берилиши боюнча Кыргызстандын өтүнүчү каралып жатат.
2000 – жылдын июнь айында Башкуртстандын Уфа шаарында өткөн маданият министрлеринин 14 – жыйынында түрк тарыхы жана маданиятынын изилденишине өз салымын кошкон илимпоздорду колдоо максатында “Эл аралык ТҮРКСОЙ сыйлыгын” тапшыруу боюнча макулдашууга кол коюлган. Бул макулдашууга ылайык, мүчө өлкөлөрдөн талапкерлер белгиленип, ТҮРКСОЙ тарабынан дайындалган комиссия алардын ичинен татыктуусун тандап, кийинки жыйында жыйынтыгын сунуштоого милдеттендирилген. Бул сыйлык айрыкча 15 000 америка доллары менен коштолуп, эки жылда бир жолу берилиши каралган. Бул сыйлактын алгачкысы 2002 – жылдын январь айында Алматада өткөн маданият министрлеринин 17 - жыйынында “Эл аралык ТҮРКСОЙ сыйлыгын” Хакас республикасынын улуу тарыхчысы Астай Бутанаевге берүү чечими кабыл алынган. Анкарада, ТҮРКСОЙдун 10 – жылдыгын куттуктоо маарекесине сыйлуу конок катары чакырылган Бутанаевге сыйлыгын ошол учурдагы ТҮРКСОЙдун жооптуу катчысы Полат Бүлбүлоглу тапшырган.
2013 – жылдын 1 – 3 – октябрында Анкарада өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин 31 – жыйынында, Кыргызстандын 2014 – жыл Токтогул Сатылганов жылы деп жарыялансын деген сунушу колдоо таап, 2014 – жылы түрк тектүү калктар арасында улуу акыныбыз Т. Сатылгановдун 150 жылдык маарекеси белгиленип жатат.
Эл аралык абройго ээ, дүйнөнүн булуң – бурчундагы түрк маданиятына тиешелүү баалуулуктарыбызга көмөк көрсөтүп жаткан ТҮРКСОЙ, дагы көптөгөн жылдар биздин маданиятыбызды дүйнөгө тааныта берет деген үмүттөбүз.
Программаны обого даярдагандар – Назгул Кадырова жана Элдар Орозалиев.

 


Адабияттар:
1. http://www.turksoy.org.tr
2. Э.Г. Наскали, 1994, Манас дастаны, Анкара
3. ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн улуттук ЮНЕСКО өкүлдөрүнүн 3 – жыйынынын жыйынтыктоочу билдирүүсү, 2012, Астана
4. ТҮРКСОЙ журналы, 2012, №: 40, Анкара
5. Тürksoy 10. yıl özel sayı, 2002, s. 139


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар