Илим жана маданият көпүрөлөрү - 19

Аль - Фараби

119873
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 19

Кадырлуу окурмандар, программабыздын өткөн аптадагы чыгарылышында Орто Азиядан чыккан улуу дарыгер, философ жана астроном Ибн Сина тууралуу кеп кылган элек. Бүгүн Ибн Синанын философиялык көз карашынын калыптанышында жана анын чыгыш перипатетизминин өкүлүнө айланышында чоң роль ойногон Түркистандык аалым Аль-Фараби жөнүндө сөз кылабыз.
Оболу чыгыш перипатетизми тууралуу учкай маалымат бере кетели. Чыгыш перипатетчилери араб - мусулман өлкөлөрүндөгү Аристотелдин жолун жолдоочулар болуп саналат. Чыгыш перипатетизми тек гана Аристотелдин философиясын чечмелөө, трактовкалоо менен чектелбестен, байыркы философияны диалектикалык мүнөздө улантып, толуктаган, кийин батыш философиясынын, адабиятынын өнүгүшүнө салым кошкон. Чыгыш перипатетизминин эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн катарына Аль-Кинди, Аль-Фараби, Ибн-Сина, Ибн-Рушд кирет.
Көптөгөн булактарга караганда, улуу дарыгер Ибн-Сина Аристотелдин «Метафизика» аттуу жыйнагын бир нече жолу кайталап окуп чыкса да, көп нерсени түшүнө алган эмес. Ибн-Сина улуу философ Аль-Фарабинин «Метафизика» боюнча жазган «Элибане» аттуу эмгегин окуп чыккан. Аль-Фарабинин ушул эмгеги аркылуу Аристотелдин «Метафизика» аттуу китебиндеги пикирлерди жана Аристотелдин философиясын толук аңдап түшүнө алган. Мындан кийин Ибн-Синанын көз карашында чоң өзгөрүүлөр болгон. Ал да Аристотелдин жолун жолдоочулардын катарына кошулган жана Фараби сыяктуу эле Аристотелдин дүйнөнүн түбөлүктүүлүгү жөнүндө окууларын өнүктүргөн. Ушундан улам «Аль-Фараби Ибн-Синанын устаттарынын бири болгон» деп айтсак болот.

Улуу аалым Аль-Фараби Сыр-Дарыяга Арыстын куйган жери Фарабда, башкача айтканда азыркы Казакстандын аймагында жайгашкан Отрар жергесинде болжол менен 870-жылы туулган. Анын толук аты Абу Наср Мухаммед ибн Мухаммед ибн Узлаг ибн Тархан Аль-Фараби болгон. Ал түрк аскер башчысынын үй-бүлөсүнөн чыккан. Айрым булактарда Аль-Фарабинин дайыма түрк улуттук кийимин кийип жүргөндүгү айтылат.
Абу Наср Мухаммед Аль-Фараби жашаган доордо Фараб шаары соода-сатык борборлорунун бири болгон. Бул шаардын илим-билим чөйрөсүндө жакшы деңгээлде билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн эле. Аль-Фараби өзүнүн туулган жери болгон Фараб шаарынан баштапкы билимин алган. Жогорку билим алуу үчүн туулган жерин таштап кеткен. Ал Алеппо жана Багдад шаарларында билимин өркүндөткөн. Ошол учурда Багдад ислам дүйнөсүнүн илим жана маданият борбору болгон. Аль-Фараби араб, фарсы, грек, хинди, санскрит тилдерин өздөштүргөн. Ошол доордогу көпчүлүк чыгыш аалымдарындай эле, философия, астрономия, логика, математика, медицина, психология, социология сыяктуу илимдерге кызыгып, бул илимдер боюнча жазылган эмгектерди окуп үйрөнгөн. Кээ бир булактарга караганда, Аль-Фараби Багдадда жогорку билимди алгандан кийин казы болуп эмгектенген. Бирок анын илимдерге, айрыкча философия илимине болгон кызыгуусу өтө күчөп, өзүнүн калган өмүрүн бүт бойдон илимге арнаган. Ал эч качан үйлөнгөн эмес.
Мухаммед Аль-Фараби өмүрүнүн көбүн Багдад шаарында өткөргөн. Бирок Багдаддагы көралбас адамдардын айынан бул шаарды таштап кетүүгө аргасыз болгон. Ал өмүрүнүн акыркы жылдарын Алеппо шаарында өткөргөн. Шаардын эмири Сайф ад-Даул аны колдоп кубаттаган. Аль- Фараби Алеппо эмири Сайф ад-Даулду Египет жана Дамаск сапарларында коштоп жүргөн. Улуу философ 80 жаш курагында Дамаск шаарында көз жумган.
Аль-Фараби чыныгы энциклопедиячы болгон. Ал философияны, логиканы, музыканы, медицинаны, математиканы, астрономияны, этиканы, психологияны жана саясат таанууну мыкты өздөштүрүп, жалпысынан жүз алтымыштан ашуун илимий трактат жазган. Эми Мухаммед Аль-Фарабинин эмгектери жана пикирлери тууралуу азыноолак сөз кылмакчыбыз.
Аль-Фараби философияны өздөштүрүүнү байыркы грек философу Аристотелди үйрөнүүдөн баштаган. Кийинчерээк Фараби Аристотелдин чыгармаларын өтө жеткиликтүү, жөнөкөй тил менен чечмелеп түшүндүргөн эмгектерди жазган. Аристотелдин философиясын түшүнүү татаал болгондуктан, Аль-Фараби жазган түшүндүрмөлөр Аристотелдин философиялык системасын өздөштүрүүнү жеңилдеткен. Аристотелдин “Категориялар”, “Герменевтика”, “Аналитика”,"Риторика" жана башка эмгектери Фарабинин түшүндүрмөсү аркылуу дүйнөгө тараган. Ошентип Аристотелдин философ катары дүйнөгө таанылышына Мухаммед Аль-Фарабинин салымы өтө зор болгон.
Аль-Фарабини өз убагында «Аристотелден кийинки экинчи мугалим» деп аташкан. Аль-Фараби Аристотель жана Платон сымал философтордун чыгармаларына түшүндүрмө берүүчү болуу менен чектелип калбастан, өзүнүн жеке философиялык көз карашын чагылдырган эмгектерди да жараткан. Мисалы, ал өзүнүн философияга болгон түшүнүгүн "Акылмандуулуктун геммасы" деген чакан трактатында баяндаган.
Аль-Фараби музыканы жакшы түшүнгөн жана сүйгөн инсан болгон. Музыкалык аспаптарды мыкты ойной алган. Ал музыка жаатында “Музыка боюнча чоң китеп” аттуу эмгекти жазган. Бул китебинде музыканын тарыхы, теориясы, музыка аспаптарында ойноонун ыкмалары жана нота жазуу боюнча алгачкы түшүнүктөрдү берген. Анын бул маанилүү эмгеги Орто Азия элдеринин хорасан танбуру, согда шахруду, най, сурнай жана башка түрк жана фарсы аспаптары тууралуу маалыматтарды камтыган.
Мухаммед Аль-Фараби саясий философиянын негиздөөчүүсү болгон. Бирок, тилекке каршы, ислам дүйнөсүндө Аль-Фарабиден кийин көп кылымдар бою эч ким саясий философияны колго алып өрчүткөн эмес.
Аль-Фарабинин социалдык-этикалык трактаттарындагы “философ башкарган ак жолтой шаар” жөнүндөгү окуусунда шаарда илим жана искусство ардакталып, илим жана искусствонун өкүлдөрү өз аброюн гана сактоого умтулбастан, өздөрү да ошол шаардын башкаруучуларына жана жөнөкөй элдерге үлгү болгондо гана “Шаар” ойдогудай боло алат деген пикир берилген.
Фарабинин педагогика жаатындагы ой-пикирлерине көз жүгүрткөнүбүздө анын адеп-ахлакка чоң маани бергендиги байкалып турат. Мисалы, анын пикири боюнча, окуучу кесипке ээ болуу менен бирге, адеп-ахлактык нормаларды кабыл алып, асылдыкты баалоого тийиш.
Баса белгилей кетчү дагы бир маанилүү нерсе, Аль-Фараби орто кылымдарда биринчилерден болуп илимдин классификациясын түзгөн.
Программаны обого даярдагандар -Гүлдана Мурзакулова жана Абдрасул Исаков.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар