Илим жана маданият көпүрөлөрү - 10

Чыңгыз Айтматов

75518
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 10

Кырк миң жыл өтсө дагы эстен чыккыс,
Кыргыздын кырааны бар, аты- Чыңгыз.
Кайсы элге барса дагы тааный турган,
Кыргыздын паспорту бар, аты- Чыңгыз.
Каныбек Абдыкадыровдун бул ыр саптарында айтылгандай, Чыңгыз Айтматовдун ысмы - кыргыз элинин паспорту; кайсы өлкөгө барба «кыргыздар» десең эң биринчи кезекте Чыңгыз Айтматовду эстешет.
Залкар жазуучубуздун чыгармалары бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү 150дөн ашуун тилге которулду. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу Кыргызстан, Ысык-Көл, Шекер, Күркүрөө, Ала-Тоо деген сөздөрдү жер жүзүндөгү китеп окуган адамдар жана кино көрүүчүлөр жакшы билип калышты. Айтматовдун чыгармалары Кыргызстанды жер шарындагы көптөгөн өлкөлөр менен байланыштырып турган эң башкы маданий көпүрө десек жаңылышпайбыз.
Урматтуу окурмандар, бүгүн Чыңгыз Айтматовдун Түркия коомчулугундагы орду тууралуу сөз кылабыз.
Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармачылык жолун макала жана аңгемелер менен баштаган. Анын «Кыргыз терминологиясы жөнүндө», «Түп нускадан алыс котормолор» деген макалалары жана «Ашым», «Газетчи Дзюйо», «Ак жаан», «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» сымал аңгемелери 1950-жылдардын биринчи жарымында жазылган. Илимпоз-адабиятчы Качкынбай Артыкбаев баса белгилегендей, Айтматов алгачкы аңгемелери менен кыргыз прозасынын атмосферасына кандайдыр бир жан сергитээр жагымдуу абанын илебин алып келе жаткандыгын туюнткан болучу.
1957-жылы Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет» аттуу повести, 1958-жылы «Жамийла» деген повести кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн. «Жамийла» повести Айтматовго бүткүл союздук гана эмес, дүйнөлүк даңк алып келген. «Жамийла» 1959-жылы француз жана англис тилдерине, ал эми 1960-жылдардын башында кытайчага, немисчеге, арапчага жана башка ондон ашуун тилге которулган. Советтер союзунун курамындагы элдердин тилине которулгандарды да эсепке кошо турган болсок, «Жамийла» повести 1970-жылга чейин эле 30га жакын тилге которулуп басылган. Ошентип 1960-жылдар Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык жашоосунун ийгиликтүү жана жемиштүү мезгили болгон. Ушул жылдары жазуучунун «Кызыл жоолук жалжалым», «Бото көз булак», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым, Гүлсары» деген чыгармалары да жарык көргөн. Бул чыгармалары окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган жана дароо эле чет тилдерге которула баштаган.
«Жаныбарым, Гүлсары» повести Тахри Алангу тарабынан түрк тилине которулуп, «Чынжырыңды үз, Гүлсары» деген ат менен 1969-жылы Стамбулда басылган. Түркиялыктар «Жаныбарым, Гүлсары!» повестинин түркчө котормосу аркылуу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Айтматов 1969-жылга таандык бул котормо боюнча абдан маанилүү ой-пикирин 29 жылдан кийин 1998-жылы билдирген. Жазуучу: «Тоталитардык системада кысылып айталбаган сөзүмдү, жан дүйнөмдөгү ички сезимимди, демократия, эркиндикти эңсегенимди, силер, түрк бир туугандар бир сүйлөм (менен )- «Чынжырыңды үз, Гүлсары» деп апачык айтып салгансыңар»-деген.
1970-жылдары Түркия коомчулугу Айтматовдун «Жамийла», «Кызыл жоолук жалжалым», «Бото көз булак», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Ак кеме», «Атадан калган туяк», «Бетме-бет» жана «Фудзиямадагы кадыр түн» деген чыгамаларын түрк тилинде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
1977-жылы түрк кинорежиссёру Атыф Йылмаз «Кызыл жоолук жалжалым» повестинин негизинде «Кызыл жоолук» деген аталышта тасма тарткан. Башкы каарман Аселдин образын фильмде Асия деген ат менен Түркиянын атактуу актрисасы Түркан Шорай жараткан, ал эми Илияздын ролун белгилүү түрк актёру Кадир Инаныр ойногон. Абдылдажан Акматалиев баса белгилегендей, кино коючулар окуяларды түрктөрдүн жашаган чөйрөсүнө ылайыкташтырып, бирок чыгарманын өзөгүнө доо кетиришпей, каармандардын образын мыкты жана бир топ эмоцианалдуу берүүгө жетишкен. «Кызыл жоолук» бүгүнкү күнгө чейин «түрктөрдүн эң мыкты он фильми» деген тизмеден түшпөй, түркия коомчулугунун эң сүйүктүү тасмаларынын бири болуп келе жатат. Кыскасын айтканда Чыңгыз Айтматов «Кызыл жоолук» тасмасы аркылуу түркиялык көрөрмандардын жүрөгүнөн жылуу түнөк тапты.
1960-жылдардан ушул күнгө чейин Айтматовдун дээрлик бардык чыгармасы түрк тилине которулду, ал тургай талаптын көптүгүнөн улам айрым китептери бир нече ирет кайталанып басылды.
Чыңгыз Айтматов Советтер Союзу кулагандан кийин гана түркиялык окурмандары менен бетме-бет жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 1993-жылы Анкара университетиндеги илимпоздор менен Түркиянын кызматташтык жана өнүгүү агенствосунун өкүлдөрү Анкарада «Чыңгыз Айтматовдун жумалыгын» өткөрүү чечимин кабыл алышат. Бул жумалык 1994-жылдын апрель айында болуп өткөн. «Чыңгыз Айтматовдун жумалыгы» башталган күнү 1994-жылдын 5-апрелинде Айтматовду Анкара университетинде абдан көп сандагы түрк илимпоздор, жазуучулар, журналисттер, бийлик өкүлдөрү жана студенттер тосуп алышкан. Айтматов ошондогу өз сөзүндө: «Ушундай заман келеби, же келбейби деп, мындан 20-30 жыл мурун жүрөктө сапырылган ой бар болчу. Муну ачык айтууга шарт жок эле. Анткени жалпы түрк дүйнөсү бөлүнүп турган заманга туш келгенбиз. Силер биякта, биз Орто Азияда, арабыз алыс кабарыбыз угулбайт. Мына ошондон бери катыша албадык, - деген өкүнүчүн айтып, - Биригели, бири-бирибизге жакындайлы, маданиятыбыздын башын кошолу!»- деген чакырыгын билдирген эле. 1994-жылы Түркияда өткөрүлгөн Айтматов күндөрүнүн алкагындагы эң маанилүү окуя Түркия Республикасынын ошол мезгилдеги президенти Сүлейман Демирелдин Айтматовду кабыл алышы болгон. Сүлейман Демирел жазуучуга ал менен бүтүндөй түрк элдери сыймыктана тургандыгын айтып, өзүнүн алтын медалын тапшырган эле.
Ошентип Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенде Чынгыз Айтматовдун Түркиялык окурмандары жана Айтматовду изилдөөчүлөр жазуучу менен жолугушуу, маектешүү жана Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча өткөрүлгөн илимий жана башка ар түрдүү иш-чараларда жазуучунун өзүн ардактуу конок катары катыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Чынгыз Айтматов Түркияга келгенде түрк боордоштор дайыма толкундануу, кубануу жана сыймыктануу менен тосуп алышчу.
2007-жылы 25-октябрда Түркиянын Элазыг деген шаарындагы сейилбакка улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысмы берилген. Ушуга карата уюшулган салтанаттык программага жазуучунун өзү да катышып, сүйлөгөн сөзүндө кудай буйруса келип турарын айткан эле. Бирок, аттиң, бир жыл өтпөй эле жазуучу жарык дүйнө менен кош айтышты. Түркиянын Элазыг шаарында 2008-жылдын 3- 4- июлунда «Айтматовду кучактаган шаар Элазыг» деген эскерүү уюштурулуп, ага Түркиядагы миңдеген кишилер катышты. Ушундан көп өтпөй эле 2008-жылдын ноябрь айында Анкара шаарында да «Чыңгыз Айтматов паркы» деп аталган сейилбак ачылды. Бул сейилбактын ачылышына бардык түрк тектүү мамлекеттердин Түркиядагы элчилери катышып, Айтматов түрк тектүү мамлекеттердин орток баалуугу болгонун көрсөтүштү. Түрк боордоштор 2008-жылдан бери жазуучунун туулган күнү болгон 12-декабрда жана өлгөн күнү болгон 10-июнда аны эскерүүгө арналган ар түрдүү иш-чараларды уюштуруп келе жатышат.
ТРТ “Түркия үнү” радиосу үчүн программаны обого даярдагандар - Гүлдана Мурзакулова жана Абдрасул Исаков.

Адабияттар:
1. Абдылдажан Акматалиев, Избранное собрание сочинений, т. I. – Бишкек: «Шам» басмасы, 1997.
2. Абдылдажан Акматалиев, Тандалган чыгармаларынын жыйнагы, т. II. – Бишкек: «Шам» басмасы, 1998
3. Айкөлдүгү Манас баба өңдөнүп.../ Түз. А. Акматалиев, Н. Мамедов. – Бишкек: Мегамедиа, 2008 – 528 б.
4. «Генийге таазим» аттуу Айтматовду эскерүү жумалыгы жыйынтыкталды, http://manas.edu.kg/index.php/kg/archive/2971-ktmuede-aytmatov-haftas-balad, жүктөө датасы: 01.03.2014.
5. Качкынбай Артыкбаев, XX кылымдагы кыргыз элинин тарыхы, Бишкек, 2004. – 459-483-б.
6. Fahri Solak, Türkistan ve Kafkasya Bibliyografyası: Tezler, Kitaplar, Makaleler, İstanbul, 2007.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар