Илим жана маданият көпүрөлөрү-5

"Юнус Эмре" атындагы институт.

65358
Илим жана маданият көпүрөлөрү-5

Урматтуу окурмандар, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында Түркиядагы «Юнус Эмре” атындагы институт, бул институтка караштуу борборлор жана институттун долбоорлору жөнүндө сөз кылабыз.

«Юнус Эмре” атындагы институт “Юнус Эмре” атындагы мамлекеттик фонддун алдында түзүлгөн институт болуп саналат. “Юнус Эмре” атындагы мамлекеттик фонд Түркия Республикасынын президенти Абдуллах Гүлдүн эгедерлигинде иш алып барган фонд болгонун баса белгилей кетелик. Бул фонддун эң башкы максаты түрк тилин, тарыхын, маданиятын жана искусствосун дүйнөгө таанытуу болуп эсептелет.
“Юнус Эмре” атындагы мамлекеттик фонд 2009-жылдын 5-майында кабыл алынган Түркия Республикасынын 5653-мыйзамынын негизинде түзүлгөн. Ушул мыйзамдын биринчи бөлүмүнүн экинчи беренесинде фонддун билим берүүгө жана илимий-практикалык изилдөөгө багытталган иш-чараларын жүзөгө ашыра турган, фондго караштуу атайын институттун түзүлө тургандыгы белгиленген. Ошентип Анкара шаарында 2009-жылы “Юнус Эмре” атындагы институт ачылган.
Бул институт ачылары менен чет өлкөлөрдө түрк маданий борборлорун куруп, ушул борборлор аркылуу түрк тарыхын, маданиятын, искусствосун, түрк тили жана адабиятын дүйнөгө таанытуу багытындагы иш-чараларын жүргүзө баштаган. Институт тарабынан чет өлкөлөрдө курулган түрк маданий борборлорунун ичинен эң алгачкысы Сарай-Боснадагы (Сараево) “Юнус Эмре” атындагы түрк маданий борбору болуп саналат. Босния-Герцеговина мамлекетинин борбор шаары Сарай-Боснадагы түрк маданий борбору 2009-жылдын 17-октябрында ачылган.
Азыркы мезгилде Европа, Азия жана Африкадагы 26 өлкөдө түрк маданий борборлору бар. Орто Азиядагы түрк тектүү мамлекеттердин ичинен азырынча Казакстанда гана “Юнус Эмре” атындагы түрк маданий борборунун болгонун баса белгилей кетели.
Урматтуу окурмандар, эми “Дүйнөдөгү “Юнус Эмре” атындагы түрк маданий борборлорунда кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатат?” деген суроого жооп берели.
“Юнус Эмре” атындагы институт тарабынан бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө 30дан ашуун түрк маданий борбору курулган. Дүйнөлүк коомчулук көбүнчө бул борборлорду түрк тилин үйрөтүүчү окуу борбору катары таанышат. Чындыгында эле түрк маданий борборлорунун эң башкы милдеттеринин бири түрк тили курстарын уюштуруу болуп саналат. Бирок түрк маданий борборлорунда түрк ашканасын жана түрк кол өнөрчүлүгүн үйрөнүү курстары да бар. Бул борборлор түрк маданиятын таанытууга арналган көргөзмөлөрдү, концерттерди, илимий конференцияларды жана башка түрдүү иш-чараларды да уюштуруп өткөрүп турат.
Баса белгилей кетчү нерсе, “Юнус Эмре” атындагы түрк маданий борборлору Кыргызстан сыяктуу түрк тектүү мамлекеттердин акын-жазуучуларын чет өлкөлөрдө таанытууга өз салымын кошуп келе жатат. Мисалы, Лондондогу “Юнус Эмре” атындагы түрк маданий борборунда 2013-жылдын 20-июнунда Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун “Эрика Клаустун 13 кадамы” аттуу романынын англисче нускасынын бет ачаар аземи да өткөрүлгөн.
Лондондогу “Юнус Эмре” атындагы түрк маданий борбору Лондондогу “Айтматов” Академиясы менен биргеликте жыл сайын июнь айында Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечелерин уюштуруп келе жатат. 2013-жылы Лондондогу түрк маданий борбору менен “Айтматов” Академиясы Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган “Түрк элдеринин жана маданиятынын диалогу: тарых жана учур” деген аталышта конференция өткөрүшкөн.
Кыскасын айтканда, “Юнус Эмре” атындагы түрк маданий борборлору жалпы түрк дүйнөсүнүн мактоосуна арзый турган иш-чараларды жүзөгө ашырып келе жатат.
Ардактуу угармандар, азыр болсо “Юнус Эмре” атындагы институттун “түрк маданий борборлорунан” тышкаркы структуралары жана институттун долбоорлору тууралуу учкай кеп кылабыз.
“Юнус Эмре” атындагы институттун карамагында “түрк маданий борборлорунан” тышкары 2 маанилүү структура бар. Бул структуралар “түркчө билим берүү борбору” менен “сынак борбору” болуп саналат. Институттун “сынак борбору” деп аталган структурасы түрк тилин билүү деңгээлин аныктай турган сынактарга тиешелүү иш-чараларды жүргүзөт.
Институттун “Түркчө билим берүү борбору” деп аталган структурасы болсо чет өлкөлүктөргө түрк тилин үйрөтүү процессинде колдонула турган китеп, видео-сабак, аудио-сабак сыяктуу окуу куралдарын иштеп чыгуу милдетин аркалайт. Мындан сырткары түрк маданий борборлорундагы түрк тили курстарынын тил үйрөтүү стандартын аныктоо боюнча иш жүргүзөт. Түркчө билим берүү борбору тарабынан жүргүзүлгөн абдан маанилүү иш-чаралардын бири «түрк тили боюнча жайкы мектеп» программасы болуп саналат. Бул программа чет өлкөлөрдөгү түрк тили курстарынын жана түркология факультеттеринин алдыңкы студенттерине Түркияга келип жайкы мектепте 8 апта билим алуу жана Түркиянын тарыхый жана маданий жерлери менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет. 2013-жылы “Юнус Эмре” атындагы институттун «түрк тили боюнча жайкы мектебинде» дүйнөнүн 57 өлкөcүнөн келген 268 студент билим алган.
“Юнус Эмре” атындагы институт тарабынан бүгүнкү күнгө чейин эл аралык деңгээлдеги бир нече долбоор жүзөгө ашырылды. Институттун долбоорлорунун көпчүлүгү түрк тили багытында деп айтсак жаңылышпайбыз.
“Юнус Эмре” атындагы институт “Түркология долбоору” деген аталыштагы долбоорунун алкагында дүйнөнүн 35 өлкөсүндөгү университеттердин түркология бөлүмдөрүнө жана түрк тили курстарына Түркиядан мугалимдерди жиберүү, жергиликтүү мугалимдерге колдоо көрсөтүү, окуу куралдары менен камсыздандыруу сыяктуу иш-чараларды жүргүзүүдө.
“Юнус Эмре” атындагы институт түркология бөлүмдөрү жана түрк маданий борборлору жайгашкан жерлерде “Түркиянын китепканалары” деп аталган китепканаларды кура баштады.
Ошондой эле институттун “Балкан өлкөлөрүндө маданий мурасты калыбына келтирүү” деп аталган долбоорунун негизинде Балкан өлкөлөрүндөгү китепканалардагы баалуу китептер электрондук системага өткөрүлүп жатат. Мисалы, 2013-жылы Македониядагы “Азиз Климент Охридски” атындагы улуттук университетинин китепканасындагы 3743 кол жазма электрондук системага өткөрүлдү. Кыскасын айтканда институт “Юнус Эмре” атындагы мамлекеттик фонддун алдыга койгон максаттарына төп келген мыкты долбоордорду ишке ашыра алды.
Программаны даярдагандар - Назгүл Кадырова, Гүлдана Мурзакулова, Элдар Орозалиев жана Абдрасул Исаков.

Адабияттар:
1. Э. Наскеева, «Казат Акматовдун “Эрика Клаустун 13 кадамы” аттуу романынын бет ачаары Лондондо 20 – июнда өтөт», http://1radio.ktrk.kg/ky/content/kazat-akmatovdun-erika-klaustun-13-kadamy-attuu-romanynyn-bet-achaary-londondo-20-iyuda-otot, Кабарды көчүрүү датасы: 13.01.2014.
2. «Лондондо Ч.Айтматовду эскерүү кечеси болду», http://kabar.kg/kyr/science-and-culture/full/45365//kabar.kg/kyr/science-and-culture/full/function.file-put-contents , Кабарды көчүрүү датасы: 13.01.2014.
3. «Müşterek Değerler Sempozymu’na Davet», http://www.basin.gazi.edu.tr/basinduyurular/11032013yunusemre.pdf, Erişim Tarihi: 13.01.2014.
4. Projeler, http://yee.org.tr/turkiye/tr/projeler/devam-eden-projeler, Erişim Tarihi: 11.01.2011.
5. Vakıf Kanunu, http://yee.org.tr/turkiye/tr/kurumsal/vakif-kanunu, Erişim Tarihi: 04.01.2014.
6. Vakıf Yönetimi, http://yee.org.tr/turkiye/tr/kurumsal/vakif-yonetimi, Erişim 13.01.2014
7. Yunus Emre Bülteni, Sayı: 1, Eylül 2009, Ankara, http://yee.org.tr/media/_bulten/pdf/eylul_2009.pdf, Erişim Tarihi: 04.01.2014.
8. Yunus Emre Bülteni, Sayı: 2, Aralık 2009, Ankara, http://yee.org.tr/media/_bulten/pdf/aralik_2009.pdf, Erişim Tarihi: 04.01.2014.
9. Yunus Emre Bülteni, Sayı: 1, Eylül 2009, Ankara, http://yee.org.tr/media/_bulten/pdf/eylul_2009.pdf, Erişim Tarihi: 04.01.2014.
10. Yunus Emre Bülteni, Temmuz 2010, Ankara, http://yee.org.tr/media/_bulten/pdf/temmuz_2010.pdf, Erişim Tarihi: 11.01.2014.
11. Yunus Emre Bülteni, Yıl: 2010, 2011, 2012, 2013, Ankara, http://yee.org.tr/turkiye/tr/yayinlar, Erişim Tarihi: 11.01.2014.

_

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар