Илим жана маданият көпүрөлөрү-3

Түркиядагы кыргызстандык дарыгерлер кардиолог Талантбек Батыралиев жана хирург Эркинбек Орозакунов.

130619
Илим жана маданият көпүрөлөрү-3

Талантбек БатыралиевБул программабыздын максаты Түркия менен Орто Азиядагы түрк тектүү өлкөлөрдү бири-бирине жакындатып турган илимий жана маданий ишмерлерди да таанытуу болуп саналат. Бүгүнкү чыгарылышыбызда Түркиянын медицина жаатында ийгиликтүү эмгектенип келе жаткан кыргыз элинин кулундары кардиолог Талантбек Батыралиев жана хирург Эркинбек Орозакунов тууралуу баян кылабыз. Талантбек Батыралиев жана Эркинбек Орозакунов -Түркияда алгылыктуу эмгектенүү менен гана чектелип калбай, Кыргызстандын медицина тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларга өз салымдарын кошуп келе жатышкан өзгөчө дарыгерлер.
Медицина илимдеринин доктору, профессор Талантбек Батыралиев 1960- жылы 9-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында туулган. Сузак районундагы номер 55- орто мектепти 1977- жылы ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун Кардиология бөлүмүндө окуй баштаган. Талантбек Батыралиев институтту артыкчылык диплому менен 1984- жылы бүтүрүп, Москвадагы Бүткүл союздук кардиологиялык илимий борбордо окуусун уланткан жана ушул борборго караштуу Клиникалык кардиология институтунда илимий диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Ал 1989- жылы Бишкек шаарындагы Кардиология институтунда иштей баштаган.
Баарыбызга маалым болгондой 1990-жылдын башында Советтер Союзу кулап Орто Азиядагы түрк тектүү мамлекеттер көз карандысыздыкка ээ болушканда, Түркия Республикасы эң алгачкылардан болуп бул мамлекеттердин эгемендигин таанып, тыгыз кызматташа баштаган. Түркия өкмөтү Орто Азиядагы түрк тектүү мамлекеттерге билим берүү жаатында көмөк көрсөтүү максатында «Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоору», «Совет бийлигинен бөлүнгөн мамлекеттердин жаш окумуштууларын коргоо долбоору» деген сыяктуу долбоорлорду иштеп чыккан. Дарыгер Талантбек Батыралиев биз айтып өткөн «Совет бийлигинен бөлүнгөн мамлекеттердин жаш окумуштууларын коргоо долбоорунун» негизинде Түркияга 1993-жылы келип, Түркиянын Адана шаарында Чукурова деген университеттин кардиология кафедрасында иштей баштаган. Талантбек Батыралиев 1997-жылы Түркиянын Газиантеп шаарында «Сани Конукоглы» атындагы медициналык борборду негиздеген. Бул медициналык борбор Түркиянын түштүк чыгышындагы эң чоң илимий-практикалык борбор болуп эсептелет. Талантбек Батыралиев учурда ушул борбордун кардиология бөлүмүн жетектейт. Талантбек Батыралиев бир гана Түркия жана Россиядагы эмес, Америка Кошмо Штаттары жана Европадагы кардиологдор арасында да таанымал илимпоз-дарыгер десек жаңылышпайбыз. Анын 80ден ашуун илимий макаласы алдыңкы эл аралык илимий журналдарда жарык көргөн. Жалпысынан алганда 350дөн ашуун илимий басылмасы бар. Талантбек Батыралиев - Эл аралык Ангиология колледжи, Американын кардиология колледжи сыяктуу эл аралык деңгээлдеги бир нече коомдун толук мүчөсү жана эл аралык бир нече сыйлыктардын ээси.

Талантбек Батыралиев ГазиантептеКыргыздын кулуну Талантбек Батыралиев ата- мекени үчүн пайдалуу иш-чараларды да талыкпай жүзөгө ашырып келет. Ал 2004-жылдан тарта Кыргызстанда эл аралык жогорку деңгээлдеги кардиологиялык медициналык борборду ачуу үчүн көп аракеттерди жасап келе жатат. Талантбек Батыралиев Ош шаарындагы Ош-Кардио медициналык борборунун түптөлүшүндө чоң роль ойногон. Мындан тышкары Батыралиев кыргызстандык дарыгерлер менен түркиялык дарыгерлердин биргелешкен операцияларын уюштуруп, ондогон кыргызстандык дарыгердин Түркиядагы алдыңкы ооруканаларда тажрыйба алмашуусуна шарт түзүп берди. Талантбек Батыралиев мекениндеги көйгөйлөргө кайдыгер калбай, Кыргызстандын билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарын реформалоо боюнча ой-пикир жана сунуштарын массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирип келе жатканын да баса белгилей кетелик.
Кыскача айтканда медицина илимдеринин доктору, профессор Талантбек Батыралиев талыкпай эмгектенип, кыргыз эли сыймыктана турган көптөгөн илимий жана практикалык иш-чараны жүзөгө ашырып келе жатат.


Кымбаттуу окурмандар, Түркиянын медицина жаатында ийгиликтүү эмгектенип келе жаткан кыргыз элинин дагы бир сыймыктанаар уулу бар. Ал- Анкара университетинин медицина факультетинин жалпы хирургия бөлүмүндө эмгектенген жаш дарыгер Эркинбек Орозакунов. Эркинбек Орозакунов
Эркинбек Орозакунов Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Орто-Нура айылында 1978-жылы туулган. 2001-жылы «Ахунбаев» атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөн соң, билимин жогорулатуу максатында Түркияга келген. Ал Түркия Республикасынын «Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоорунун» стипендиаты катары Анкара университетинин медицина факультетинин жалпы хирургия бөлүмүндө 2002-жылы ординатурада окуй баштаган. «Жоон жана ичке (түз) ичеги шишиктеринде эндостатиндин өлчөмү жана прогностикалык маанилүүлүгү» деген темадагы илимий диссертациясын 2007-жылы ийгиликтүү жактаган. Эркинбек Орозакунов Анкара университетинин медицина факультетинде ординатурада окуп жүргөндө өзүн мыкты хирург катары көрсөтө алган. Ошондуктан өзүнүн окуу жайында хирург болуп иштеп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал - дүйнө жүзү боюнча эң сейрек делген өпкө, боорду башка денеге көчүрүү операциясын жасаган дарыгер. Эркинбек Орозакунов ушул кезге чейин жалпы хирургия менен байланыштуу маммология, эндокринология, трансплантация, онкология, кан тамыр хирургиясы, проктология тармактарына тиешелүү 23 миңге жакын операцияны жүзөгө ашырган.
2013-жылы Бишкектеги «Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим изилдөө институтунда» Кыргызстандын медицина тарыхында алгачкы жолу адамдын бөйрөгүн башка денеге көчүрүү операциясы жасалганы баарыбызга маалым.

Дал ушул операцияны Эркинбек Орозакунов Түркиядан атайын келип жүзөгө ашырган. Чет өлкөлөрдө адамдын бөйрөгүн башка денеге көчүрүү операциясы 25-30 миң долларга жасалат эмеспи, Эркинбек Орозакунов Кыргызстандагы операциясы үчүн эч кандай акы алган эмес. Ал “Кыргыз радиосунун” “Күзгү” аттуу программасына берген маегинде Кыргызстанга келип жасай турган операцияларына мындан кийин деле акы албай тургандыгын билдирген. Эркинбек Орозакунов дагы көптөгөн Кыргызстандык бейтаптарды дарт азабынан куткарып калат деп ишенебиз!
Урматтуу окурмандар, программабыздын бул аптадагы чыгарылышы ушуну менен аяктады. Программаны даярдагандар-Абдрасул Исаков, Элдар Орозалиев, Назгүл Кадырова жана Гүлдана Мурзакулова.

Адабияттар:
1. «Батыралиев Талантбек Абдуллаевич», http://www.famous-scientists.ru/10638/;
http://www.knews.kg/people/550_batyiraliev_talantbek_abdullaevich/ (erişim tarihi: 19.12.2013).
2. Камчыбек Исабаев, «Частная медицина – внутренняя инвестиция»,
http://kyrgyzmd.org/yayinlar.php?types=h&j_id=62&lang=ru (erişim tarihi: 20.12.2013).
3. «Профессор Т.Батыралиев Түркиядан Кыргызстанга эл аралык деңгээлдеги медицина борборун ачуу ниети менен келди» (маек), http://barakelde.org/news:9833/, (erişim tarihi: 19.12.2013)

4. «Түркиядагы хирург Эркин Орозакунов "Күзгү" уктуруусунда»,
http://kyrgyzradiosu.ktrk.kg/ky/content/turkiyadagy-hirurg-erkin-orozakunov-kuzgu-ukturuusunda-uguu-0, (erişim tarihi: 20.12.2013)
5. Карамат Токтобаева, «Орозакунов: Орган көчүрүү - оңой иш эмес»,
http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_erkin_orozakunov_surgery_organ_transplantology_july_2013/25038666.html, (erişim tarihi: 19.12.2013)
6. Мээрим Искакова, «Эркин Орозакунов: Бейтаптардын күлүп турганы биз үчүн бакыт» , Достук көпүрөсү журналы, №3, Январь-Июнь, 2013-жыл, 22-25-б.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар