Жусуп Баласагын бүтүндөй Түрк дүйнөсү үчүн маанилүү (видео маек)

Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, акын Кожогелди Култегин менен баарлашуу.

447783
Жусуп Баласагын бүтүндөй Түрк дүйнөсү үчүн маанилүү (видео маек)

ИШЕМБИЛИК БЕТТИН МЕЙМАНЫ КОЖОГЕЛДИ КУЛТЕГИН: «ЖУСУП БАЛАСАГЫН БҮТҮНДӨЙ ТҮРК ДҮЙНӨСҮ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ»

Кабарчыбыз Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин менен маектешкен.

-Агай, мына ушул ТҮРКСОЙго келгениңизге аз эле убакыт болду. Ушул убакыттын ичинде көптөгөн иштерди жасадыңыздар. Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кандай иштер жүрүп жатат?Өзүңүздүн оозуңуздан уксак?

- Менин келгениме бир жылдан ашты. 1 жыл 3 ай болуп калды. Бирок бул убакыттагы иштин баарын айтуу үчүн кеминде 5 саат убакыт керек. Ошондуктан мен соңку иштерге гана токтолгум келип жатат. Жыл соңунда кыргыздын эң атактуу инсандарынын бири, легендарлуу кино режиссер Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгы боюнча ТүркиядаТактап айтканда, Стамбул, Анкара, Карабүк шаарларында эл аралык маданий иш-чараларды уюштурдук. Анткени, ал, биринчиден, Кыргызстандын, ал тургай Советтер Союзунун эң көрүнүктүү, атактуу режиссеру, экинчиден, ал эгемендүүлүк доорунда дагы өзгөчө кызматтарды жасаган, айталы, Түркияда эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи элчиси болуп кызмат өтөгөн. Бул жердеги илимий-маданий эл аралык иштерди аткаруучу чөйрөлөр менен көп кызматташкан киши.

Ал эми Азербайжандын атактуу композитору Узеир Гаджибековдун туулгандыгынын 130 жылдыгына карата Мерсин шаарында ТҮРКСОЙ жана Азербайжандын маданият жана туризм министрлиги колдоо көрсөтүп атактуу “Көр уулу” операсы коюлду. Анда да биздин Кыргызстандан Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисттери башкы ролдорду, партияларды аткарды. Маселен, Садырбек Жумашев Көруулунун, Бакыт Ыбыкеев Хасанкандын, Асель Бекбаева короо кызынын партияларын жакшы деңгээлде аткарып, ал жерде азербайжандар, казактар, башка улуттагылар, түрктөр биргелешип мыкты опера жаратышты.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин Туруктуу Кеңешинин кезектеги жыйыны 2015-жылдын 27-ноябрында Түркмөнстандын Мары шаарында өткөн. Ошондо 2016-жыл түрк дүйнөсүндө Жусуп Баласагын жылы деп жарыяланган. Бул, албетте, сунуш этип койсо эле жарыялана турган нерсе эмес, анткени ТҮРКСОЙ жалпы түрк тилдүү улуттар, элдер менен иштейт. Азыркы эсебибизде, 14 улут менен активдүү иштешип жаткан кезибиз, алардын алтоо эгемендүү мамлекеттер. 2014-жылы эле Токтогулдун 150 жылдыгы ТҮРКСОЙ тарабынан жарыяланды эле. Кайра бир жылдан кийин эле Кыргызстандын сунушун кабыл алуу, албетте, оңой боло койбойт. Бирок абдан жакшы ийгиликтүү ишке ашты. Негизги себеп, биринчиси, Жусуп Баласагын атабыз бир эле кыргыздын эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн улуу ойчулу, улуу акыны катары дүйнөгө белгилүү. Ошо жалпы түрк дүйнөсүнүн сыймыгы катары алып карагандыктан 2016-жылды Жусуп Баласагын жылы деп атаганга мүмкүндүк ачылып олтурат.

Ошол эле кезде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылдын май айында кол койгон «Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө жөнүндө» деген Жарлыгы бар. Ошол Жарлыкта Жусуп Баласагындын жалпы түрк дүйнөсүндөгү орду өзгөчө белгиленип көрсөтүлгөн. Бир эле Кыргызстандын деңгээлинде эмес, жалпы түрк дүйнөсүндө эл аралык деңгээлде белгилениши зарыл деп арыкты мурдатан чаап койгондуктан, биздин ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеинов дагы жан-дили менен колдоп турду. Туруктуу Кеңеште Жусуп Баласагындын жылы деп бир добуштан кабыл алынды. Мына ушул февраль айында Жусуп Баласагын жылынын ачылыш аземи Стамбулда өттү. Кыргызстандан тийешелүү министр баштаган жана 35 кишиден турган расмий жана чыгармачылык делегация келди. Канчалаган элчилер, министрлер, валилер (облус губернатору), шаар, район башчылары катышты дегендей.

Жусуп Баласагын боюнча мындан ары да түрк дүйнөсүндө иш-чаралар уланат. Март айынын 30унда Жусуп Баласагын жылынын алкагында Кыргызстанда 350 кишиден турган Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери Алматыда Абай атындагы театрда өздөрүнүн отчеттук концертин беришет, ал гастролду Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арнайт. Ал жерде дагы, Стамбулда көрсөтүлгөн сыяктуу, Жусуп Баласагындын образын түзгөн, бирок башкачараак бир театрлаштырылган көрсөтүү даядап жатышат.

Ошондой эле Аль-Фараби атындагы Алматыдагы казак улуттук университети илимий конференция өткөргөнү жатат. Буга дагы өзүнүн ТҮРКСОЙ алака-жардамын сөзсүз кошот. Мен азыр Кыргызстандын тиешелүү кишилери менен кабарлашып, сүйлөшүп жатам. Кыргызстандан дагы окумуштуулар, тиешелүү адамдардан турган чакан делегация барып катышат. Алар дагы өздөрүнүн Жусуп Баласагын боюнча илимий көз караштарын айтышат. Ошол эле кезде Ж.Баласагындын 1000 жылдыгы боюнча Кыргызстандын позициясын билдиришет. Буга чейин талаш-тартыштарды жаратып келген маселелер бар эмеспи Жусуп Баласагын боюнча.

-Кыргызстанда Президентибиздин Жарлыгы менен үстүбүздөгү жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланбадыбы. Ушул жылга карата ТҮРКСОЙ кандай иш-чараларды өткөрөт?

- Бул жыл ТҮРКСОЙ үчүн өзгөчө жагымдуу жыл. Биринчиси,  Ж.Баласагын жылы деп жарыяланды. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти 2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялады. Бул Жарлыктын негизинде Кыргызстандагы эң бир өксүк, көңүл бурулуучу нерсеге өз убагында багыт берилди окшойт.

Ошол эле кезде 2016-жылда бир катар түрк тилдүү өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүнүн 25-жылдыгы белгиленет. Андыктан ТҮРКСОЙдун бир топ иш-чаралары ушул маселелерге байланыштуу болот. Нооруз ТҮРКСОЙдун салттуу иш-чараларынан. Чындыгында Нооруз бизге Орто Азиядагы, Казакстандагы, бир топ улуттарга эгемендүүлүкт8н арты менен кайрадан калыбына келктирилген. Бирок Түркияда Нооруз өтө күчтөнүп, жанданып элдик майрамга айлана элек. Ушунун айланасында ТҮРКСОЙ дайыма өзүнүн иш-чараларын өткөрүп келет. Жыл сайын Түркиянын ондогон шаарларын кыдырып, түрк тилдүү элдердин ырчы-чоорчулары менен Нооруз салтанаттарын өткөрөт.

- Кожогелди агай, акын катары чыгармачылык ишиңизди улантып жатасызбы Түркияда?

- Мен чынын айтайын, биринчи келгенде 6-7 ай эч нерсе кыла алган жокмун. Анткени, бул чөйрөгө көнүш керек. Иш көп. Дагы бир мен үчүн чоң масесе тилди, түрк тилин үйрөнүш керек болду дурустап. Ушул маселенин тегерегинде жүрүп 7 айдай колума калем кармаган жокмун. Кийинки кездерде кадимкидей иштеп жатам.

Жакында, маселен, Чанаккаледе уюштурулган адабий жыйынга барып катыштык, кызматкер катары дагы, жазуучу катары дагы. Чанаккаледеги тарыхый жерлерди, согуш обьектилерин, шейиттерди – баарын-баарын көрсөтүштү.

Ошол жерде белгисиз жоокердин эстелиги бар. Анын тарыхы мындай. Бир кылым мурда, тактап айтканда, 1915-жылы болгон Түркиянын Чанаккале аралындагы кызыл-кыргын Биринчи дүйнөлүк согушта эбегейсиз баатырдык менен Мекенин коргогон түрк жоокерлерине таңданбаган киши калбагандай! Ошондон улам, бир АНЗАК* аскери согушта өзү атып өлтүргөн түрк жоокеринин башын кесип, мактаныш үчүн мекенине – Австралияга алып кетиптир.

 АНЗАК деген – “Australian and New Zealand Army Corps” – деген англисче сөздөрдүн баш тамгалары (ANZAC). Кыргызча котормосу – Автралия жана Жаңы Зелландия Армиялык Корпусу.

Мумияланып катырылган баш 87 жыл бою ал жакта колдон-колго өтүп, жеке адамдар тарабынан сакталат. 2002-жылы илимий экзпертиза аны “түрктүн башы” деген бүтүм чыгаргандан кийин Түркияга расмий түрдө кайтарылып берилет.Түрк жоокеринин башы 2003-жылы 18-мартта мамлекеттик чоң зыяпат менен Чанаккале шейиттери жаткан аймакка коюлат. Ага белгисиз жоокер сыпатында атайын эстелик да тургузулган.

Баш-Боордошум, Баш-Жоокер, Баш-Аксакал,

башты ийип биз турабыз катар, катар!

Ойлор миң-сан, окшотуп турам сени

окко... окко... өлүмдү, ажалды атаар!

 

Баатырдыктын баш-отун сактап калып,

барат Мезгил баарысын каптап-жарып.

Чекит боло тургансып согуштарга

жер кездиң сен денеңди таштап салып!

 

Түнөргөнүң – түрктөрдүн өчү чыгаар,

түпкүрдөйсүң – түгөнбөс сөзү сыяар.

Жадагыча жүрдүңбү жер үстүндө

жашайм деген каалооңдун өзү сымал?!

 

Ырас, Мезгил тургансыйт ырды акмалап,

ырды сакташ үчүн да ый сакталат.

Учуп жаткан ирмемдер өтчү тура

утур-утур өзүңдү кылчак карап.

 

Топтолгон эл билмекпи – тулкуң кандай?

Тоголонуп берипсиң – умтулгандай!

Бир бурчунда Батыштын сакталыпсың

бир бурчунда “мээсинин” түрк тургандай...

 

Унчукпастан сүйлөйсүң муңдашыңа,

улуу, кичүү – окшош бүт курдашыңа.

“Баз-з-з!” этип бир бомбадай жарылсам деп –

баш тарттыңбы Тынчтыктын урматына?!

 

Түңүлбөйт эч, түшпөйт эч дээри бийик!

Түгөнбөйт эч жатса да кемирилип.

Баатырдык ко – өзүңдү тиктеткениң

Батышты сен эңкейтип... белин ийип...

 

...Ушунчалык тартылдым алактап-ээ,

учакта мен баратам карап дале –

чарт кесилип ташталган ошол баштай

Чанаккале аралы, Чанаккале...

 

-Рахмат, абдан сонун жазыпсыз.

-Түркияга байланыштуу бир топ ырлар жазылып жатат. Чыгармачылык жүрүп жатат.

-Китеп болуп чыга элекпи?

- Китеп болуп чыга элек. Түркия боюнча өзүнчө чыгарылат ко кийин. Чыгармачыл адам, айрыкча жазуучу адам чөйрөнү которуп турганы жакшы болот. Мисалы, бир бөлмөдө турган эмеректерди алмаштырып койсо деле башкача боло түшөт эмеспи. Ал эми жазуу киши жер которуп турса жаңы аалам, жаңы темалар ачылат. Ошондуктан Түркияга келишим бир эле ТҮРКСОЙ милдетин аткарууда эмес, кыргыз адабиятында Түркия темасын ачып ыр жазууда дагы өзүнчө мүмкүнчүлүк ачып олтурат.

-Буга чейин Алыкул Осмоновдун китебин түрк тилине котортуп, китеп кылып  чыгарган экенсиздер?

- Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгын ТҮРКСОЙ белгилебей койсо болбойт эле. Анткени Кыргызстан ТҮРКСОЙду негиздеген, демилгечи болгон 4 өлкөнүн бири. Алыкулдун юбилейи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын токтому менен Кыргызстанда белгилеп жатса, ТҮРКСОЙ бул жерде ага кайдыгер караса болбойт эле. Катуу позиция менен иштедик. Алыкулдун мыкты ырларын тизмелепөандап туруп түркчөгө которттук. Мыкты, таптакыр өлбөй турган, жашай турган ырларын. Түркиядагы илим жаатында жүргөн, түркчөнү мыкты билген адистер сөзмө сөз котормолорун жасап беришти.

Акыры Алыкулдун ырынын аты менен коюлган Ben şairi kırgız’ın деген китебин чыгардык. Бүгүнкү күндө түрк тилине которулуп жаткан башка улуттардын поэзиясын карап отуруп айтаар элем, биз чакан китеп чыгарганыбыз менен Алыкулдун сапаттуу китебин, кайсы юбилейи болсо да кайрадан басыла турган китебин чыгарып койдук. ТҮРКСОЙ Алыкул боюнча милдетинен кутулду деп ойлойм.

-Акын катары түрк акындарынын чыгармалары менен таанышып көрдүңүзбү?

- Биз эми жаш кезден Назым Хикметти аябай сүйүп окуп жетилдик да. Назым Хикмет боюнча сөздөр дагы көп болоор эле. Орусчасынан кыргызчага  которгон китеби да чыккан. Мен да бир топ ырларын которгом. Карап көрүп айрым нерселерге таң калдым. Айрым ырлар кыргызчада түркчөсүнүн дал өзүндөй турат. Демек, орустар да жакшы которгон, кыргызчага да жакшы которгонбуз. Ошого таң калдым. Бир топ котормолорумду түп нускага карата оңдошутуруп жатам. Планым бар, түрктүн мыкты акындарынын чыгармаларын кыргызчага которуп, китеп кылып чыгарганга.

 



Тектеш кабарлар