Каухар тобу менен Гүлмира Кулжабаеванын маектешүүсү

Каухар тобу менен Гүлмира Кулжабаеванын маектешүүсү.

165864
Каухар тобу менен Гүлмира Кулжабаеванын маектешүүсү

Урматту окурмандар саламатсыздарбы! Түркия үнү радиосунун студиясында бүгүн Кыргызстандан келген «Каухар» бий тобунун жетекчиси Алина Асангазиева, улуттук консерварториянын 1- курсунун студенти Гулзаир Сагынова жана «Мейкин Азия» фестивалында 3-орунга ээ болгон белгилүү эстрада ырчысы Адилет Азимовдор бар. Кош келипсиздер, саламатсыңарбы!


-Айтсаңыздар, Кыргызстандан Түркияга кандай максат менен келдиңиздер же чакыруулар болдубу?
- Рахмат. Биз, 19- майда Түркияда өткөрүлүүчү жаштар жана спорт майрамына Түрксой уюму аркылуу чакырылып келдик. Бул майрамга көптөгөн түрк тилдүү улуттар чакырылды, анын ичинда Казахстан, Татарстан, Өзбекстан, иши кылып баардык түрк тилдүү мамлекеттер болду. Биз бул майрамды чогуу майрамдайлы деп келдик. Буга чейин биз 9- майда эле келгенбиз, Балыкесир шаарында дагы ушул майрам өттү, бизди жылуу кабыл алып, түз эфирде көрсөтүлгөн чоң концертине катыштык. Бизден алар интервью алышты, эң кызыктуу өттү концерт. Баардыгына биздин костюмдарыбыз, кыздар-балдарыбыз жакты, баары топтошуп эле келип сүрөткө түшүштү, сүрөткө түшөлү деген эле көп болду. Кыргыз калпагын кийген кыргыз жигиттеринин калпагына да кызыгышып, улам калпагын кийип сүрөткө түшүп, алардын жанынан чыкпай эле...
- Костюмдарыңар жаккан экен да?
- «Ооба, костюмдарыбыз, бийлерибиз жакты. Аябай шаңдуу, ийилчээк, чоюлчаак кыймылдар экен деп аябай суктанып атышты» - деп маек курду «Каухар» бий тобунун жетекчиси Алина Асангазиева.
- Бул «Каухар» тобу менен ырчылар келиптир да?
- «Ооба, негизи ырчылар жокко эсе, негизинен бий топтор чакырылыптыр. Бирок биз башка өлкөлөрдөн өзгөчөлөнүп жандуу музыка алып келдик, булар комузу менен ырдашып, комузудун коштоосунда биз аларга бийлейлик деп келдик».
- «Кыргызстандан биз 15 күндөй күндө кечинде чогулуп, репетиция кылдык»,- деди Адилет Азимов.
- «Биз канча бийлесек, булар ошончо ырдап беришти, андан тышкары кыргызда азыркы мезгилде «Каражорго бийи» белгилүү болуп атпайбы, бул ырды Адилет Азимов ырдайт, биз бийин бийледик, элдерге аябай жагып атпайбы. Андан тышкары «Куурчак бийи» деп коет го, эки киши күрөшөт го, муну жөн эле бий кылбастан, бий менен баштап, эки куурчак бир учуру келгенде чуркап чыгат да, анан кыздар сүрөп, баягы «ай, азамат, баракелде- баракелде» деп коштоп, жандап турабыз, мына ушундай жакшы даярдык менен келгенбиз»- деп кызыктуу кебин айтып берип жатат Алина Асангазиева.


- Жакшы. Алина айым айтсаңыз бул хореографиялык композициялардын автору ким?
- Автору мен, ооба баарын өзүм даярдайм, ошол бийди элестетип, сүрөттөрүн түзүп, костюмдарын жараттык. Жаңы бийлерди жараттык, жаңы костюмдарды да жаратттык.
- Эми программада дагы кандай жанрлар бар, бийден башка?
- «Бийден башка. Бул жерге бийчилерди эле чакыргын, баардыгыбыз эле бийлейбиз, ырчылар дагы. Мен көбүнчө классический, эстрадный ырдап жүрчүмүн, бирок азыр Алина эже менен бийлегенди да үйрөттү 15 күндүн ичинде»,- дейт Адилет Азимов.
- «Ооба бул Адилет айтат, «мындан аары бийлегенди дагы үйрөнөм»,- деп».
- Гулзаирге да кайрылсак, Түркияга биринчи жолу келип атасызбы, кандай кабыл алдыңыз?
- «Абдан жакшы. Бул жердин элдери да аябай жакшы, меймандос кабыл алышат экен, биз дагы кыргыздын маданиятын жакшы көрсөткөнгө аракет кылдык. Комуз менен ырдадык, бийчилер менен бийледик. Атайы бизге бий даярдашкан».


- «Биз Ашыраалы Айталиевдин «Нарындан жазган салам кат» аттуу ырын ырдадык, ошондо гана бийлеген жокпуз, комуз ойнодук. Ошол ырдан бир сап ырдап берели...»

Сөзү: Ашыралы Айталиевдики
Обону: Ашыралы Айталиевдики

Жаш элек шайыр шаттанган,
Алыска сапар аттанган.
Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган.

Жөнөдүм Нарын калаага,
Ынагым сенсиң садага.
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп,
Жүзүңдөн жаным садага.

Бир букет гүлдү сунаарда,
Күйүттүү күнгө капталгам.
Саламат баргын агай деп,
Узатып калдың вокзалдан.

Ойлосом болот көңүл шат,
Жолуксак деймин кайра бат.
Театр ачып жатканда,
Нарындан жазган салам кат.


- Бали, соонун болду. Адилет сизби биз эстрадалык ырчы катары көрчү элек да, сахнада болобу, азыр мына комуздун коштоосунда ырдап атасыз, кандай бул?
- Бул жакшы, музыкага киргенден кийин бардык жанрга кириш керек, джаз, эстрадалык, классикалык, элдик ырлар болобу, бүт нерсени билиш керек.
- Адилет, элдик ырлар жагып атабы, репертуарыңарга кошосузбу?
- Албетте, репертуарга кошобуз, кыргыз болгондон кийин кошулат. Комузду үйрөнгөнгө аракает кылам, азыр консерваторияда окуп атам.
- Алина эми сиз өзуңүздүн тобуңуз жөнүндө айтып берсеңиз, качан уюшулган, кандайча жаралып калды?


- Бул топ мен БГУда Герман факультетинде студент болуп жургөндө эле, кружок болуп ачылып, студенттик конкурс, фестивальдарда катышып жүрүп эле, ошол жактан тополуп, түптөлгөн. Анан кийин окууну бүткөндөн кийин, Кыргыз- славян университетине иштегенге чакырышты, угуп келдим. Ошондо эң башынан санап келгенде 1996-жыл болуп эсептелинет, азыр карасаң «илгери» болуп калат экен, баягы «Ала- Тоо» жазы фестивалы болуп жүргөндө, ошондо бий жаныры боюнча гран- при алып, бийге болгон кызыгуум күчөгөн. Топ, Кыргыз- славян университетинде түптөлүп, Бишкектин Свердлов районунун балдар борборунда дагы балдар бийлешет, 6 жаштан баштап, чоңойгон сайын улам улуу составка кошулуп турушат.
- Азыркы күндө концерттик тобунда канча бийчилер бар?


- Концерттик тобунда азыркы күндө бардыгын эсептеп келсек, 70 кызга чейин барат.
- Кандай бийлерди бийлейсиңер, улуттук бийден тышкары?
- Кыргыз улуттук бийден башка бардык эле улуттардын бийлерин бийлейбиз, мисалга алсак элге испан, өзбек , индия, казак бийлери жагат, андан тышкары экинчи бөлүгү бар, алар жанагы жаштардын жакшы көргөн хип-хоп бийлери деп атпайбызбы, ал бийди бийлей турган кичине топ бар. Буюрса күзүндө отчеттук концертибизди берели деп турабыз, ал жерде кичинесинен баштап улуу составга чейин катышканы турушат.
- Биз Гулзаирдин да үнүн уксак, өзүнчө ырдайм деп атты эле, кезек берели.
- Анда эмесе ырдайын, мен Кыялбек Урмамбетовдун сөзүнө жазылган «Адамдарга кайрылуу» деген ырын ырдап берейин...
- Бали, өнөрүңүз өсө берсин!!! Биз Адилеттин да үнүн уксак деп турам, себеби Адилетти акшы билебиз, «Мейкин Азия-2013» фестивалыныда элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, өзүнчө диплом алган.
- Анда мен баарыңыздар эле угуп жүргөн «Булбулум» деген чыгарманы ырдап берейин:
Сөзү: Э. Иманалиевдики
Обону: Э. Иманалиевдики

Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал чакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Кайырма:

Булбулум, булбулум ай,
Буулуккан кургурум ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктум неге мынча,
Булбулум, булбулум ай?

Жашайсың жаш булбул токтобогон,
Жашоодо жан жок эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка окшобогон.

Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктоп,
Буйруксуз сүйүүмдү мен жектеп алып.

Кайырма:


- Азаматсыз Адилет! Биз маекти андан ары Алина сиз менен улантсак, мына эми сиздер Түркияга келипсиздер, мындан аркы өзүңүздөрдүн иш сапарыңыз кандай болот?
- «Биздин планда көп эле өлкөлөр турат, Түрксой аркылуу дагы башка өлкөлөргө барууга мүмкүн, алар биздин бийлерди аябагандай жактырып жатышат азыр. Мен так айта албайм кайсы өлкөлөргө бараарыбызды, бирок Америкада пландарыбыз бар, бирок көпчүлүгү Түркиянын шаарларында өткөрүлгөн фестивалдарга чакырышат. Келечекте биз ойлойбуз көп өлкөлөргө барып өнөрүбүздү көргөзүп, алардын дагы маданиятын көрүп, бийин, ырын үйрөнүп, ошондой тажрыйба алмашабыз деп ойлойм».
- Эми бул топко мындан ары дагы башка ырчыларды тартуу оюңузда барбы?
- « Негизи эле бул идея аябагандай жакты, мына экөө ушундай сонун ырдашат, жандуу үн менен кыздар толкундануу менен жандуу, эргүү менен бийлешет экен, запись болгон бир экен, ал эми жанында комузун чертип турса бул башкача экен, башка бий жаралат экен, эл дагы аны сезет».
- Сиз «Каражорго» бийи тууралу сөз кылбадыңызбы, бизде Кыргызстанда өтө популярдуу болуп атат, бул жерде кандай болду?
- «Каражорго башка биз көнүп калган кыргыз бийлерден аябагандай эле өзгөчөлөнүп турат, кыргыз бийлеринде кыздар назик бийлешсе, бул жерде чындыгында кичине оройураак, анан кичине шылкылдап элди аябагандай тартып, маанайын көтөрүп турат».


- Түркияда Каражорго биринчи жолу бийлендиби?
- «Бизге чейин балким казак туугандар бийлеп кетишсе керек, бирок алар үчүн чоң эле жаңылык болуп жатат да, мындай таң калуу менен карап туруп атышат да, анткени алардын деле көздөрү көнсө керек, бая биз бийлеп жүргөн кыргыз бийден баары бир өзгөчөлөнүп атпайбы».
- «Буга дагы бир нерсе айта кетсек, ТРТ- Аваз тартып атканда, биз Каражоргону бийледик, муну кыргыз эли, Түрксой уюму деле көрө алат деген тилектебиз»,- деди Адилет Азимов.
- Адилет сиз түрктөрдүн эстрада ырчыларын угуп жүрөсүз да? Аларды бул убакытта уктунуңуздар да, репертуарыңарга кошосузбу?
- «Эстрада ырчыларынан мен тааныган эле Tаркан, калгандарын бийбейм, кээ бирлерин радиодон угуп калдым. 2-3 ыры жакты бирин бир кыз ырдайт экен, абдан сонун, анан бир баланын ыры жакты».
- Анда ишиңиздерге ийгилик каалайм! Сапарңар байсалдуу болсун! Чоң рахмат силерге маегиңерге! Чыгармачылык ийгиликтериди каалайм! Кыргызстанда буюрса жолугушабыз!
- Рахмат силерге дагы ушинтип чакырып маек курганыңыздарга, сиздердин да ишиниздерде ийгилик болсун, угармандарыңар көбөйө берсин!!




Этикеткалар:

Тектеш кабарлар