Гөбеклитепе жана Сүмеланы кыдыргандардын рекорду жаңырды

Түркиянын тарыхый жерлерин кыдырган туристтердин саны күн өткөн сайын өсүүдө.

2127505
Гөбеклитепе жана Сүмеланы кыдыргандардын рекорду жаңырды
sümela manastiri.jpg
gobeklitepe.jpg

12 миң жылдык тарыхы менен «тарыхтын нөл чекити» деп сыпатталган жана Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган Шанлыурфадагы Гөбеклитепени Орозо айт майрамында 55 миң 573 киши кыдырды.

Губернатордуктун билдирүүсүнө караганда, Гөбеклитепе майрамдын биринчи күнү (10-апрель) 11 миң 454, үчүнчү күнү (12-апрель) 13 миң 857 кишини кабыл алуу менен күнүмдүк турист рекордун жаңылады.

Гөбеклитепе 9 күндүк Орозо айт майрамында 55 миң 573 саякатчыны кабыл алды.

Түркиянын ишеним туризминин борборлорунун бири болгон тарыхый Сүмела монастырына Орозо айт майрамында 10 миң 564 киши барды.

Трабзондун Мачка районундагы Карадагдын Алтындере өрөөнүндө 300 метр бийиктикте таштар оюлуп курулган монастыр майрамда маданият жана табият сүйүүчүлөрдүн көп барган жайына айланды.

Облустук Маданият жана туризм башкармалыгынын кызматкерлеринен алынган маалыматка караганда, эл арасында «Бүбү Мариям» деп да таанылган Сүмела монастырына 10 миң 564 жергиликтүү жана чет элдик турист, анын 3 миң 476сы биринчи күнү зыярат кылды. Майрамдын экинчи күнү 3 миң 573, үчүнчү күнү 3 миң 515 турист келди.



Тектеш кабарлар