Парижде 4 түрк аял сүрөтчүнүн көргөзмөсү ачылды
Көргөзмөдө түрк сүрөтчүлөр Мелек Арт, Сузан Ай, Зелиха Бозоглу жана Фиген Бегендин чыгармалары орун алды.
2113069
Франциянын борбор шаары Парижде 8 - Март дүйнөлүк аялдар күнүнө карата 4 түрк аял сүрөтчүнүн чыгармалары орун алган көргөзмө ачылды.
Париж Юнус Эмре Институтунун жетекчилигинде 8 - Март дүйнөлүк аялдар күнүнө карата ачылган көргөзмөдө түрк сүрөтчүлөр Мелек Арт, Сузан Ай, Зелиха Бозоглу жана Фиген Бегендин чыгармалары орун алды.
Институтта 2 башка бөлмөдө көргөзмөгө коюлган чыгармалар түрк жана француз искусство сүйүүчүлөрүнүн кызыгуусун тартты.