ArtAnkara Эл аралык заманбап искусство жарманкеси башталды
1600 чебер катышкан жарманкеде 8 миң искусство эмгеги көрсөтүлүүдө.
2112372
ArtAnkara Эл аралык заманбап искусство жарманкеси быйыл да борбор шаар Анкарада эшигин ачты.
1600 чебер катышкан жарманкеде 8 миң искусство эмгеги көрсөтүлүүдө.
Жарманкенин алкагында 50дөн ашык концерт, 32 сүйлөшүү жана 100дөн ашык семинар өткөрүлөт.
2024-жыл Түркия-Венгрия Маданият жылы иш-чараларынын алкагында жарманкеде 5 венгр чебердин эмгектери да көргөзмөгө коюлду.
10 жылдан бери өтүп жаткан жарманкеге биринчи жолу катышып жаткан чеберлер да бар.
8 университет жана 110 галереяны камтыган жарманке 10-мартка чейин уланат.