Атом бомбасынын калдыктарынан табылган кол сааты 31 миң 113 долларга сатылды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Бостон шаарындагы «RR Auction» аукционунда бомбаланган Хиросиманын урандыларынан табылган; Жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.15те токтоп, эрип кеткен кол саат 31 миң 113 долларга сатылды.

2107113
Атом бомбасынын калдыктарынан табылган кол сааты 31 миң 113 долларга сатылды

1945-жылы Япониянын Хиросима шаарына ташталган атом бомбасынын калдыктарынан табылган эриген кол сааты 31 миң 113 долларга сатылды.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Бостон шаарындагы «RR Auction» аукционунда бомбаланган Хиросиманын урандыларынан табылган; Жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.15те токтоп, эрип кеткен кол саат 31 миң 113 долларга сатылды.

Саатты сатып алган кардардын аты-жөнү айтылган жок.

Аукциондун билдирүүсүндө атактуу кол саат «ядролук доордун таңынын белгиси жана цивилизациянын күүгүмүнүн жарчысы» деп мүнөздөлгөн.

Саатты шаарга шашылыш жардам жеткирүү үчүн барган британиялык жоокер таап алган.

2017-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгына татыктуу болгон Швейцарияда жайгашкан Эл аралык өзөктүк куралды жок кылуу кампаниясы (ICAN) сааттын сатылышына каршы чыкты.

Кол саатты аукциондун сатуу тизмесинен алып салуу өтүнүчү менен «жеке адамдар тарыхый сабактарды камтыган объекттен пайда көрө алат» деген кооптонуулардан улам тизмеден чыгарылышы талап кылынган.

1945-жылдын 6-августунда АКШ тарыхтагы биринчи атомдук бомбасын Хиросимага таштады, шаардын 90 пайызы талкаланып, 80 миң адам дароо көз жумган.



Тектеш кабарлар