Ашык Вейселдин «гуманоид роботу» сахнага чыкты

Ашык Вейселдин гуманоид роботу ичине орнотулган аппараттын жардамында жасалма интеллект менен элдик ырларды аткарды.

2102401
Ашык Вейселдин «гуманоид роботу» сахнага чыкты
asik veysel insansi robot.jpg
asik veysel insansi robot1.jpg

 Самсунда акындык салтынын эң чоң өкүлдөрүнөн элдик акын Ашык Вейсел Шатыроглунун «гуманоид роботу» сахнага чыкты.

Силикон жана андроид айкелдер боюнча иш алып барган Адил Челик тарабынан  10 айда Ашык Вейселдин физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө карата долбоорлонгон гуманоид робот Самсун шаардык мэриясынын көркөм өнөр борборунда окуучуларга тааныштырылды.

Ашык Вейселдин гуманоид роботу ичине орнотулган аппараттын жардамында жасалма интеллект менен элдик ырларды аткарды.

Челик журналисттерге Ашык Вейсел роботунун Республиканын 100 жылдыгы жана Ашык Вейселдин өлүмүнүн 50 жылдыгынын негизинде жасалганын айтты.

Роботтун 5 ыр аткаргандыгын, бардык булчуң өзгөчөлүктөрүнө ээ экендигин айткан Челик : «(Робот) Айлана  - чөйрөнүн температурасына жараша тердеши мүмкүн. Ал кадимки адамдын кейпинде каармандарды чагылдыра алат",- деди.



Тектеш кабарлар