Бельгиянын түрк айылындагы карнавал

Карнавалга Бельгия жана коңшу өлкөлөрдөн да көптөгөн түрктөр желектери менен катышып, толкунданууну бөлүшүштү.

2101505
Бельгиянын түрк айылындагы карнавал
belcika Turk koyu karnaval2.jpg
belcika Turk koyu karnaval1.jpg
belcika Turk koyu karnaval.jpg

Бельгиянын түрк айылы деп сыпатталган Феймонвиллде салтка айланган карнавал көркөмдүү көрүнүштөргө күбө болду.

Льеж шаарына караштуу айылдын ай жылдыздуу белгиси менен көңүлдөрдү бурган маданият борборуна чогулган калың эл, түрк желектүү оркестрдин артында кортеж түзүштү.

Түркүн түстүү кийимдери менен айылдын борбордук көчөсүндө бий бийлеп кортежге кошулган Феймонвилл тургундары көрүүчүлөргө конфетти жана момпосуйларды ыргытышты.

Карнавалга Бельгия жана коңшу өлкөлөрдөн да көптөгөн түрктөр желектери менен катышып, толкунданууну бөлүшүштү.

Бельгиянын Гент шаарында жашаган Өзжан Кызыларслан, айылдын түрк деп сыпатталышына сыймыктанганын айтып, бул сыймыкты балдары менен бирге сезүү үчүн карнавалга катышканын билдирди.



Тектеш кабарлар