Аргентинада түрк обондору

Түрк жана испан музыкаларынан тандалма чыгармалар аткарылган концерт, келген коноктор тарабынан абдан жактырылды.

2100987
Аргентинада түрк обондору

Аргентинада «Стамбулдан Буэнос-Айреске музыка фестивалы» аттуу программа уюштурулуп, түрк жана испан чыгармалары аткарылды.

Буэнос-Айрес Юнус Эмре институтунун (YEE) билдирүүсүнө караганда, борбор шаар Буэнос-Айресте түрк музыкасы менен чет элдик музыкалар айкалыштырылып, искусство сүйүүчүлөргө унутулгус музыка тартууланды.

Концертте түрк гитарист жана композитор Камил Эрдем, аргентиналык бандонеончу Брайан Кабалеро, вокалист Соледад Финоли, урма аспапта ойноочу Хуан Лудуена, цитрачы Сами Себастьян жана удда ойноочу Тарык Финоли сахнага чыгышты.

Түрк жана испан музыкаларынан тандалма чыгармалар аткарылган концерт, келген коноктор тарабынан абдан жактырылды.



Тектеш кабарлар