Стамбулга келген туристтердин саны өсүүдө

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, 2023-жылдын январь-ноябрь айларында шаарга 16 миллион 51 миң 324 чет элдик турист келген.

2082784
Стамбулга келген туристтердин саны өсүүдө

2023-жылдын 11 айында Стамбулга келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9 пайызга өсүп 16 миллион 51 миң 324кө жетти.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, 2023-жылдын январь-ноябрь айларында шаарга 16 миллион 51 миң 324 чет элдик турист келген.

14 миллион 714 миң 474 киши келген 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чет элдик туристтердин саны 1 миллион 336 миң 850 кишиге көп болду жана 9 пайызга өстү.

Ноябрь айында мегашаарга 1 миллион 288 миң 610 чет элдик турист келди.

Шаарга өткөн айда келген чет элдик туристтердин арасында 135 миң 696 киши менен  орустар биринчиликти ээледи.

Орусиядан кийин 89 миң 810 турист менен Германия, 88 миң 727 турист менен Иран, 61 миң 566 менен АКШ, 51 миң 371 турист менен Англия, 48 миң 403 турист менен Сауд Арабиясы, 43 миң 442 менен Франция, 36 миң 842 турист менен Италия, 30 миң 214 турист менен Өзбекстан, 27 миң 113 турист менен Азербайжан, 26 миң 369 турист менен Ирак, 25 миң 948 турист менен Казакстан, 24 миң 474 турист менен Голландия, 24 миң 290 турист менен Алжир, 21 миң 859 турист менен Кытай, 20 миң 343 турист менен Испания, 18 миң 924  турист менен Индия, 17 миң 988 турист менен Румыния жана 16 миң 754 турист менен Марокко орун алды.



Тектеш кабарлар