Элазыгдагы паркка Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулду

Элазыгдагы Чыңгыз Айтматов улуттук паркынын жана Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышы азем менен өткөрүлдү.

2080082
Элазыгдагы паркка Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулду
Cengiz Aytmatov parkı Elazığ 3.jpg
Cengiz Aytmatov parkı Elazığ 4.jpg
Cengiz Aytmatov parkı Elazığ 5.jpg
Cengiz Aytmatov parkı Elazığ 8.jpg
Cengiz Aytmatov parkı Elazığ 13.jpg

Элазыгда Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук парк ачылып, Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулду.

Элазыгдагы Чыңгыз Айтматов улуттук паркынын жана Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышы азем менен өткөрүлдү.

Түркиянын Элазыг шаарында 2016-жылдын 18-августунда облустук полиция башкармалыгына террордук кол салуудан 3 киши шейит болуп, 217 киши жаракат алган. Бомба ыргытылган жерге курулган Улуттук бакча өз атын түрк дүйнөсүнүн баалуу ысымы, белгилүү кыргыз  жазуучусу жана дипломаты Чыңгыз Айтматовдун атынан алган.

Ачылышка Элазыг губернатору Өмер Тораман, Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Руслан Казакбаев, Кыргызстандын президентинин башкы кеңешчиси Арслан Капайоглу Койчиев, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Элазыг шаарынын мэри Шахин Шерифогуллары, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Кыргыз Республикасынын Чынгыз Айтматов институтунун директору проф. Абдылдажан Акматалиев, Фырат университетинин ректору проф. Фахреттин Гөкташ, Түрк адабияты фондунун төрагасы Серхат Кабаклы, Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуп Өмероглу, облустук маданият жана туризм директору Ахмет Демирдаг жана көптөгөн мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук парктын жана Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземинде шейиттерди бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерип, Эркиндик гимни ырдалды, мехтеран оркестри концерт коюп, манасчы  Төлөбек Муса уулу тарабынан «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылды.

Салтанатта сөз сүйлөгөн губернатор Өмер Тораман 2007-жылы Түрк дүйнөсүнүн эң маанилүү маданий жана көркөм өнөр иш-чараларынын бири болгон 15-Каспий поэзия кечелерине байланыштуу Элазыгга келген Чынгыз Айтматовдун эсибизде унутулгус орун калтырганын айтты.

Айтматовдун түрк улуту чын ыкласы менен кабыл алган жана окуган жазуучу жана мамлекеттик ишмер экенин белгилеген Тораман: «Чыңгыз Айтматов «Мен Элазыгды түрк элинин руханий азыгы катары көрөм» деп бизге ушул керээзди калтырды; Түрк дүйнөсүндө илим, цивилизация жана маданиятты өнүктүрүү үчүн биримдикте болуп, бирге аракет кылып, ынтымакта болушубуз керек. Анын жол көрсөтүүсү жана багыттоосу менен бүгүн Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ) сыяктуу маанилүү бир мекемеге ээ болгонубуз үчүн бактылуубуз. Буюрса, бул Түрк Мамлекеттер Уюму мындан да алдыга чыгып, Түрк биримдиги уюмуна айланат»,-деди.

 

«Бир тууган Түркия Республикасынын жетишкендиктери Түрк дүйнөсүнүн сыймыгы»

 

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев да 6-февралда эпицентри Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн улам түрк элинин тез сакайып кетишин тилегенин кайта билдирди.

Казакбаев: «Бүгүнкү күндө Түркия Республикасы дүйнөлүк саясатта, экономикада, аскердик тармакта, соодада, маданиятта, жаңы технологияларда жана башка бардык тармактарда алда канча күчтүү жана дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин бири. Бир тууган Түркия Республикасынын жетишкендиктери Түрк дүйнөсүнүн сыймыгы»,-деди.

«21-кылым түрк доорунун ачык мисалы»

Президенттиктин башкы кеңешчиси Арслан Капайоглу Койчиев бул маанилүү иш-чарада элазыгдыктар менен бирге болгондугу үчүн кубанычтуу экенин айтты.

Элазыгдын байыркы шаар экенин түшүндүргөн Койчиев : «21-кылым түрк доорунун кылымы, түрк тектүү элдердин кылымы экени, мунун эң ачык мисалы. Мындай сонун окуяны чоң далил катары көрүп жатам»,-деп айтты.

«Чыңгыз Айтматовдун адабият дүйнөсү жылдан жылга дүйнөлүк мааниге ээ болууда»

 

ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев өз сөзүндө: «Чыңгыз Айтматов... Аалам... Адабият... Бул үч негизги түшүнүктүн бүгүнкү өзгөрүп жаткан дүйнөдө абдан терең мааниси бар. Чыңгыз Айтматов - улуттук жазуучу жана түрк адабиятынын өкүлү. Анын адабияты жылдан жылга   дүйнөлүк мааниге ээ болууда»,- деди. Ошондой эле Раев «Чыңгыз Айтматов» атындагы парктын Элазыгга пайдалуу болушун, жазуучунун «Ак кеме», «Жамила», «Жер-Эне» жана «Биринчи мугалимим» сыяктуу уникалдуу чыгармаларынын бул паркта окулушун каалады.

Элазыг шаарынын мэри Шахин Шерифогуллары дүйнөлүк адабияттын эң маанилүү жазуучуларынын бири, ардактуу атуулу Чынгыз Айтматовдун атын шаарда түбөлүккө калтыргандыктан кубанычта экендиктерин билдирди.

Айтматовдун бир гана түрк дүйнөсү эмес, бүткүл адамзат тарабынан кабыл алынган баалуу баалуулук экенин белгилеген Шерифогуллары: «Айтматов дүйнөгө таанымал жазуучу болуу менен бирге саясатчы, мамлекеттик ишмер сыяктуу көптөгөн дараметтеринде замандын духун окуган үлгүлүү инсан. Ал чыгармаларында адамдарга басым жасап, «Адам үчүн эң кыйыны – адам бойдон калуу» деген сөзү менен ой дүйнөбүздө маанилүү орунга ээ болгон Айтматов өзүнүн чыгармаларында баса белгилеген баалуулуктары менен келечек муундар үчүн шыктандыруучу булак бойдон калууда»,-деп айтты.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук парк жана Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды.

 

 



Тектеш кабарлар