Эквадордо Түркия көргөзмөсү

«Түркиянын кооздуктары» көргөзмөсү Латын Америкада биринчи жолу Кито шаарында ачылды.

2075389
Эквадордо Түркия көргөзмөсү

Түркия Республикасынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо «Түркиянын кооздуктары» көргөзмөсү ачылды.

Дүйнөнүн ар башка шаарларында 15 жолу өткөрүлгөн «Түркиянын кооздуктары» көргөзмөсү Латын Америкада биринчи жолу Кито шаарында ачылды.

Түркиянын ар кайсы аймактарындагы табигый, архитектуралык жана тарыхый кооз жерлери таанытылган көргөзмөнүн ачылышына Эквадордун маданият жана мурас министри Ромина Муноз, Түркиянын Читодогу элчиси Макбуле Башак Ялчын, көптөгөн өлкөнүн дипломатиялык өкүлдөрү жана бул жерде жашаган түрк жарандары катышты.

Министр Муноз бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, түрк маданиятынын өзгөчө акыркы бир жылда уюштурулган иш чаралардын негизинде Эквадор калкына дагы да жакындаганын жана муну кубаттагандарын билдирди.

Элчи Ялчын да Эквадор калкынын түрк маданиятына болгон кызыгуусуна көңүл буруп, республиканын экинчи кылымында ушул сүйүү менен жооп берүүдөн кубанычта экендиктерин айтты.



Тектеш кабарлар