Мардинде деңиз жандыктарынын фигуралары тартылган мозаика табылды

Райондун борборунан болжол менен 30 километр алыстыкта ​​жайгашкан айыл жеринде казуу иштери жүргүзүлдү.

2075185
Мардинде деңиз жандыктарынын фигуралары тартылган мозаика табылды

Мардиндин Кызылтепе районундагы казууларда деңиз жандыктарынын фигуралары менен мозаика табылды.

Райондун борборунан болжол менен 30 километр алыстыкта ​​жайгашкан айыл жеринде казуу иштери жүргүзүлдү.

Казуу учурунда борбордук имараттан турган дубалдар менен курчалган айылдык калктуу конуш болгон Villa rustica (ферма, дача) таандык мозаика плиткалары жана бул курулуштун тегерегине жайылып кеткен кошумча имараттар табылган.

Мардин музейинин директору жана казуу башчысы Абдулгани Таркан:«5-7-кылымдарга таандык аймак. Бул аймакты караган дөбөдө, башкаруучу класска таандык үй-бүлө колдонгон айылдык вилла турат. Айылдык вилланын айланасында кызматчылар үчүн бөлүнгөн жана жоокерлер турган чакан бөлмөлөр да бар», - деди.

Вилланын полунан болжол менен 100 чарчы метр кеңдиктеги мозаикалардын табылганын түшүндүргөн Таркан, булардын Эрте Византия-Кеч Рим дооруна таандык мозаикалар экенин жана жаныбарлардын фигуралары көп чегилгендигин белгиледи.

Мозаикалардын аймакта мурда көргөндөрүнө окшош экенин айткан Таркан: «Бирок бул жердеги мозаикалардан башка жаныбарлардын фигуралары менен бирге деңиз жандыктарын да көрөбүз. Бул деңиз жандыктары, осьминог, ар кандай түрдөгү балык фигуралары жана балык уулоочу канаттуулар. Мозаикаларды музейге көргөзмөгө коюуну максат кылып жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар