"Бийлеген Муса" Муглада ачыкка чыгарылды

Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматка караганда байыркы шаарда жүргүзүлгөн иштерде табылган айкел, Рим доорунда көчүрмөлөрү жасалган бир чыгарманын эллинизм дооруна таандык жалгыз оригиналы.

2073952
"Бийлеген Муса"  Муглада ачыкка чыгарылды

Байыркы доордун  мифология музасы болгон «Бийлеген Муса» айкели Мугланын Стратоникея байыркы шаарында 2175 жылдан кийин кайрадан ачыкка чыкты.

Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматка караганда байыркы шаарда жүргүзүлгөн иштерде табылган айкел, Рим доорунда көчүрмөлөрү жасалган бир чыгарманын эллинизм дооруна таандык жалгыз оригиналы.

Биздин заманга чейинки 2 - кылымдын белгилүү  скульпторлорунун бири Филискос тарабынан жасалганы Зевс менен Мнемосинанын кыздары  болгон «Бийлеген Мусанын» Анадолу жана Греция сыяктуу Рим доорундагы көчүрмөлөрү гана ар кайсы аймактарда белгилүү.

Стратоникея байыркы шаарында табылган айкел  Филискостун эллинизм доорундагы жалгыз оригиналдуу эмгеги катары Рим доорундагы көчүрмөдөн айырмаланууда.

Байыркы Стратоникея шаарындагы  Рим мончосунун муздак бөлүгүндө (Frigidarium) жүргүзүлгөн казууларда түбү менен кошо ачылган айкелдин башы жана колдору табылгалардын арасында жок.

Бул айкелдин көчүрмөсү мурда Перге байыркы шаарындагы Рим мончолорунан, ошондой эле Родоста табылган.

Айкел изилдөөлөрдөн кийин Мугла музейинде көргөзмөгө коюлат.

 



Тектеш кабарлар