Түркияда «Кыргызстан маданият күндөрү» өтүп жатат

26-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды.

2069540
Түркияда «Кыргызстан маданият күндөрү» өтүп жатат

26-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды. 

Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын 100 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды.

Иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Түркия маданият жана туризм министринин орун басары Батухан Мумжу, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, атайын чакырылган расмий меймандар, Кыргызстандын жана Түркиянын маданият жана искусство чеберлери, Түркияда жашаган кыргыздар жана мекендештер катышты.

Маданият күндөрүнүн алкагында Анкара шаарында кыргыз киносунун күндөрүнүн расмий ачылышы да болду. Иш-чара Мамлекеттик сүрөт жана айкел музейинде башталды.

Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышында министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Кыргызстан жана Түркия эли дүйнөнүн эки башка чөлкөмүндө жайгашканына карабастан, ар дайым ынак жана бири-бирине жакын боордош эл экенин айтып, орток тарых жана бай маданият аларды жакындата турганын белгиледи.

Ошондой эле ал өз сөзүндө эки өлкөдө маанилүү иш- чаралар белгиленип жатканын, тактап айтканда, жакында эле Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Кыргызстанда биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтүп, ага Түркиянын негизделишинин 100 жылдыгынын урматына фестивалдын алгачкы конок өлкөсү катары Түркия Республикасынын кино ишмерлери чакырылганын, Кыргызстанда “Түрк киносунун жумалыгы” уюштурулуп ага белгилүү түрк кино ишмерлери катышканын жана түрк тасмалары көрсөтүлгөнүн кошмчалады.

Өзгөчө Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасынын негизинде Түркияда тартылган тасмада башкы ролду аткарган түрк киносунун жылдызы, актриса Түркан Шорай айымдын фестивалдын сыйлуу коногу болуп, ага дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн Бишкек эл аралык кинофестивалынын атайын “Алтын жаабарс” сыйлыгы тапшырылганын маалымдады.

Ошондой эле , Тимурлан Ажымалиев мындай тыгыз кызматташуулар алаканын дагы бир жогорку деңгээлге чыгарып, эки элди мындан да жакындаштырат деп сөзүн жыйынтыктады.

Кыргыз киносунун расмий ачылышында Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасы көрсөтүлүп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Дарак ыры — Кыргызстандын тарыхый жана кино-дастан жанрындагы алгачкы мюзикл көркөм тасмасы болуп эсептелет.

Ал эми Анкарадагы Чоң театрдын фойесинде Исабаев атындагы Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамбли улуттук ыр-күүлөрдү ойноп, ага коштоп улуттук кийим кийген кыз-жигиттер, чебер кол өнөрчүлөрдүн жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери көрсөтүлдү жана кыргыздын улуттук даам-азыктары ооз тийүү үчүн сунулду.

Адан соң маданият күндөрүнүн салтанатуу бөлүгүндө Кыргызстан тууралуу видео тасма тартууланып, театралдаштырылган оюн-зоок менен уланды.

Маданият күндөрүн расмий ачылышын маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев жасады.

Ачылыш салтанатта Тимурлан Ажымалиев Кыргызстан менен Түркиянын маданий мамилелери динамикалуу жана позитивдик нукта өнүгүп жаткандыгын белгилеп, бул мамилелердин жандануусуна президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы Түркияга болгон расмий сапарында жетишилген макулдашуулар экендигин баса белгидеди.

Ошондой эле ал кыргыз жана түрк элдеринин ортосунда эл аралык деңгээлдеги маанилүү даталарды жана иш-чараларды чогуу белгилөө салтка айланганын, бул сыяктуу биргелешкен маданий иш-чаралар аркылуу эки элдин улуу тарыхый барактарын, улуттук руханий байлыгын, окшоштугун, артыкчылыгын тереңирээк сезе алабыз деди. Анын негизи катары 1991-жылы Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин эки тараптуу мамилелер тездик менен өнүгүп, Түркия Республикасы Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи тааныгандын айтты.

Ошондой эле ал, тилибиздеги, дилибиздеги окшоштук эки элдин ортосундагы ажырагыс бекем көпүрө катары түрк дүйнөсүнүн биримдигинин маанилүү компоненти болуп калаарын, ага мисал катары акын-жазуучулардын жана агартуучулардын иш-аракеттери өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи

Мындан сырткары, 2017, 2019, 2022-жылдары Стамбул, Анкара, Анталия шаарларында Чыңгыз Айтматовдун эстеликтери жана бюсттары орнотулуп, сквер жана сейил бактарга анын ысымы ыйгарылгандыгы, чыгармалары түрк тилине которулгандыгы Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине жана чыгармачылыгына түрк эли чоң урмат-сый менен мамиле кыларын сезет деп билдирди. Аны менен катар, Бишкек шаарынын борборунда Ататүрк сейил багы, Анкара көчөлөрү жайгашканы айтылган бекем мамилелердин үлгүсү катары белгиленип, 2022-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Бурса провинциясынын Изник шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде өтүшү эки өлкөнүн маданий алакасын жогорку деңгээлге алып чыкканын баса белгиледи.

Андан соң, маданият күндөрүнүн концерттик бөлүгү орун алып, кыргыздын бай маданияты жана искусствонун мыкты үлгүлөрү тартууланды.

Концертте КР Эл артисттер Саламат Садыкова, Роза Аманова жана эмгек сиңирген артисттери Гүлзинат Суранчиева, Улан Качкыналиев сындуу алдыңкы өнөр адамдары катышып, КР Эл артисти Рысбек Жумакунов жетектеген Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Эл артисти Анаргүл Нургалиева жетектеген Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак-Марал" бий ансамбли, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисттери коштоду.

Анкара Чоң театры өзгөчө шаңга бөлөнүп, концерт жандуу өтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.



Тектеш кабарлар