Түрк фирмалары Dubai Airshow 2023тө

Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында башталган Dubai Airshow 2023 көргөзмөсү 95 өлкөдөн 1400дөн ашуун катышуучуну тосуп алды.

2063933
Түрк фирмалары Dubai Airshow 2023тө

Авиация менен бирге көптөгөн тармактардагы түрк фирмалары эң алдыңкы продукцияларын дүйнөнүн эң чоң авиация иш-чараларынын бири Dubai Airshow 2023 көргөзмөсүндө тааныштырууда.

Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында башталган Dubai Airshow 2023 көргөзмөсү 95 өлкөдөн 1400дөн ашуун катышуучуну тосуп алды.

180ден ашуун коммерциялык, жеке жана аскердик учактар ​​көрcөтүлгөн иш-чарага, авиация тармагынан 300дөн ашык баяндамачы катышууда. 20 өлкө павильондору менен орун алган жарманкеде катышуучуларга эң инновациялык продукция жана технологиялар сунушталууда.

Боинг жана Эйрбас сыяктуу сектордун алдыңкы фирмаларына кожоюндук кылган иш-чарада Түркияны 8 фирма өкүлдүк кылууда.

Жарманкеде продукциясын көрсөткөн түрк фирмаларынын арасында; Pavelsis, Roketsan, Turkish Cargo, Turkish Technic, Garanti Composite, Keyvan Aviation, Redstar Aviation жана Transvaro бар. Компаниялар жарманкеде эң алдыңкы өнүмдөрүн таанытып глобалдык кызматташтыкты арттырууну максат кылышууда.

Иш-чара 17-ноябрга чейин уланат.



Тектеш кабарлар