Долмабахче сарайы зыяратчылардын агымы менен жык толду
Республиканын 100 жылдыгынан улам Долмабахче сарайына жарандар жана чет элдик туристтер агылып келүүдө.
Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн көзү өткөн Стамбулдагы Долмабахче сарайы Республиканын 100 жылдыгына карата зыяратчылардын агымы менен жык толду.
Республиканын 100 жылдыгынан улам Долмабахче сарайына жарандар жана чет элдик туристтер агылып келүүдө.
Колдорунда түрк желектери жана айрымдары Ататүрктүн сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды көтөргөн зыяратчылар сарайдын кире беришинде узун кезек түзүштү.
Долмабахче сарайында Улуттук гимн ырдалып жатканда, кээ бир атуулдар үнсүз туруп, гимнди коштоду. Сарайга кирген зыяратчылар Ататүрк каза болгон бөлмөгө да зыярат кылышты.
Долмабахче сарайынын бардык бөлүмдөрү Республиканын түзүлгөн жылына (1923) карата Түркия убактысы боюнча бүгүн саат 19.23кө чейин бекер кыдырууга ачык болот.