Түркия кылымы Нью-Йоркто таанытылды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-Башкы Ассамблеясы өткөрүлгөн Нью-Йорктун борборундагы Таймс аянтында жана көчөлөрлө LED экрандарда Түркия кылымы жана Республиканын 100 жылдыгы чагылдырылды.

2039369
Түркия кылымы Нью-Йоркто таанытылды

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын координациясында ишке ашырылган Республиканын 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында «Түркия кылымы» таанытылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-Башкы Ассамблеясы өткөрүлгөн Нью-Йорктун борборундагы Таймс аянтында жана көчөлөрлө LED экрандарда Түркия кылымы жана Республиканын 100 жылдыгы чагылдырылды.

Ушул алкакта Таймс аянтындагы LED экрандарда «Түркия кылымы башталууда» деген жазуулар менен түрк желектүү жарнамалоо иштери жүргүзүлүп, Түркия кылымын сүрөттөгөн санарип мазмунга ээ LED экрандуу пикаптар да Нью-Йорктун эл көп чогулган көчөлөрүндө айланып жүрдү.

100 жылдык гимн менен жарнамалар жасалган пикаптардын экрандарында «Өткөндөн келечекке, Келечектен эгемендүүлүккө» ураандары менен Түркия кылымынын тынчтыктын, ырааттуулуктун, келечектин жана адилеттүүлүктүн кылымы экени баса белгиленди.

Визуалдык сүрөттөрдө Түркиянын коргоо өнөр жайы, технология жана транспорт сыяктуу тармактардагы жетишкендиктери да орун алды.



Тектеш кабарлар