Денизлиде жаныбарлардын фоссилдери табылды

Казуулар Маданият жана туризм министрлигинин координациясында Денизли музей директорлугунун жетекчилигинде жүргүзүлүүдө.

2036914
Денизлиде жаныбарлардын фоссилдери табылды

Денизлинин Тавас районунда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө 9 миллион жыл мурункуга таандык деп эсептелген жаныбарлардын фоссилдери табылды.

Бурдур Мехмет Акиф Эрсой университетинин Так илимдер жана адабият факультетинин антропология бөлүмүнүн окутуучусу доцент доктор Ахмет Ихсан Айтектин жетекчилигинде Памуккале жана Хитит университеттеринен палеоантрополог, палеонтолог, геолог жана студенттерден турган топ, мурда үстүндө изилдөөлөр жүргүзүлгөн Каяжа кыштагында 2017-жылы казуу иштерин баштаган.

Казуулар Маданият жана туризм министрлигинин координациясында Денизли музей директорлугунун жетекчилигинде жүргүзүлүүдө.

Быйылкы казуу иштеринде 9 миллион жыл мурда жашаган деп эсептелген жаныбарлардын фоссилдери инвентаризацияга киргизилди.

Айтек, казуу иштеринин жаныбарлардын жер которуу кыймылдарына байланыштуу маалымат берерин белгиледи.



Тектеш кабарлар