Францияда "Картошка фри чемпионаты" өткөрүлөт

Францияда өтө турган дүйнөнүн алгачкы "Картошка фри чемпионатында" ресторандар жана жеке кайрылуучулар биринчилик үчүн жарышат.

2025397
Францияда "Картошка фри чемпионаты" өткөрүлөт

Францияда өтө турган дүйнөнүн алгачкы "Картошка фри чемпионатында" ресторандар жана жеке кайрылуучулар биринчилик үчүн жарышат. 

Франциянын BFMTV телеканалынын кабарына караганда, өлкөнүн Ла-Манш жээгине чектеш Пас-де-Кале шаары дүйнөдө биринчи жолу 7- өктябрда  өтө турган «Картошка фри чемпионатын» өткөрүүгө даярданууда. 

Arras Grand Place жарманке аянтында өткөрүлө турган чемпионатта катышуучулар «чыгармачыл картошка», «чыныгы картошка» жана «куурулган картошка соусу» категорияларында ат салышат.

Чемпионатка ресторандардан тышкары жеке арыздар да кабыл алынат.

Жеңүүчүлөргө гастрономия дүйнөсүндө мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачышы күтүлгөн сынакка картошка сүйүүчүлөрдүн кызыгуу көрсөтүүсү  күтүлүүдө.

Ар бир үйдөн бир гана катышуучу менен чектелген чемпионатка кайрылуу үчүн  18 жаштан жогору болуу шарты  коюлат. Жюрилер картошка фрисинин чеберлеринен турат.

 

 



Тектеш кабарлар