Эң мыкты түрк тилиндеги даректүү тасма сыйлыгы "Пехливанга"...

«ПЕХЛИВАН» Голливуд киноакадемиясынын кино сыйлыктарына жолдомо алат.

2023474
Эң мыкты түрк тилиндеги даректүү тасма сыйлыгы "Пехливанга"...

Түрк күрөшүнүн легендарлуу ысымы Хамит Капландын жашоосун чагылдырган даректүү тасма, Эл аралык Анадолу кино сыйлыктарында «Эң мыкты түрк тилиндеги даректүү тасма» сыйлыгын алды.

Даректүү тасманын продюсери Сердар Чолак: «Хамит Каплан сыяктуу дүйнөдө 32 медалга ээ болгон, 3 Олимпиада жана дүйнө чемпиондугун жеңген балбан тууралуу даректүү тасма тартуу сыймык болду»,- деди. 

Түрк тилиндеги даректүү тасма категориясында 128 даректүү тасманын ичинен биринчиликти алган «ПЕХЛИВАН» (Балбан) Голливуд киноакадемиясынын кино сыйлыктарына жолдомо алат.

ТРТнын архивинен пайдаланылган даректүү тасма 2023-жылдын 5-январында Капландын өлүмүнүн 47 жылдыгында көрүүчүлөргө тартууланган.



Тектеш кабарлар