100 өлкөнүн маданият жана искусство элчиси Стамбулда
Фестивалга быйыл 100 өлкөдөн 1580 өнөрпоз катышууда.
2017615
Стамбулда быйыл 24-ирет өткөрүлгөн «Бүйүкчекмеже маданият жана искусство фестивалынын» ачылышы Таксим аянтында болду.
Иш-чара үчүн шаарга келген 100 өлкөнүн маданият жана искусство элчилери өз өлкөсүнүн желектери жана улуттук кийимдери менен катышып, бий көрсөтүүлөрү уюштурулду.
Сүйүү, тынчтык жана бир туугандык билдирүүлөрү берилген фестивалга быйыл 100 өлкөдөн 1580 өнөрпоз катышууда. Семинарлар, көргөзмөлөр, сынактар, концерттер, шоулар жана көптөгөн маданий-көркөм иш-чаралар өткөрүлө турган фестиваль 5-августка чейин уланат.
«Эл аралык Стамбул Бүйүкчекмеже маданият жана искусство фестивалы» Дүйнөлүк фестивалдар ассоциациясы тарабынан 8 жолу катары менен «Дүйнөнүн эң мыкты маданият жана искусство фестивалы» сыйлыгына ээ болду.