УКМнын Мехтеран тобу 7 өлкөнүн аскердик оркестрлери менен Казакстанда концерт берди

Казакстандын коргоо министрлиги тарабынан борбор шаар Астананын негизделгенинин 25 жылдыгына карата быйыл биринчи жолу уюштурулган «Эл аралык аскердик оркестрлердин фестивалы» жабылуу концерти менен аяктады.

2008888
УКМнын Мехтеран тобу 7 өлкөнүн аскердик оркестрлери менен Казакстанда концерт берди
kazakistan askeri bandolar konser.jpg
msb mehteran birligi.jpg

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) Мехтеран тобу 7 өлкөнүн аскердик оркестрлери менен Казакстанда концерт берди.

Казакстандын коргоо министрлиги тарабынан борбор шаар Астананын негизделгенинин 25 жылдыгына карата быйыл биринчи жолу уюштурулган «Эл аралык аскердик оркестрлердин фестивалы» жабылуу концерти менен аяктады.

Астанадагы «Барыс-Арена» сарайында өткөн фестивалдын жабылуу концертине Казакстандын премьер-министри Алихан Исмаилов жана коргоо министри Руслан Жаксылыков да катышты.

Казакстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Орусия, Кытай, Япония жана Индиянын аскердик оркестрлери сахнага чыккан концертти 7 миңге жакын адам көрдү.

Концертте өз өлкөлөрүнө мүнөздүү формачан аскердик оркестрлер репертуарларында эстрада, джаз жана классикалык чыгармалар менен бирге аскердик гимндерди да ырдашты.

Фестивалда Түркияны Улуттук коргоо министрлигинин Мехтеран тобу өкүлдүк кылды.

Мехиеран тобунун шыктанган жана эффективдүү аткаруусу казак көрүүчүлөрүнүн ыраазычылыгына ээ болду.



Тектеш кабарлар