Түркиядан 2023 Дүйнөлүк жаш университеттер рейтингине 47 университет кирди

Тизмедеги университеттердин окутуу, изилдөө, билим берүү жана эл аралык көз караш миссиялары жагынан бааланганы белгиленди.

2007540
Түркиядан 2023 Дүйнөлүк жаш университеттер рейтингине 47 университет кирди
universite ogrenci.jpg
sabanci univertisesi.jpg

Түркия 2023 Дүйнөлүк жаш университеттер рейтингинде 47 университет менен эң көп өкүл болгон өлкө болду.

Жогорку билим берүү кеңешинин (YÖK) билдирүүсүнө караганда, Түркия Улуу Британияда жайгашкан жогорку билим рейтинг агенттигинин 'Times Higher Education (THE)' 50 жылдык же андан азыраак тарыхы бар "мыкты жаш университеттерди" камтыган '2023 жаш университеттер' рейтингинде эң көп университетке ээ болгон өлкө болду.

Тизмедеги университеттердин окутуу, изилдөө, билим берүү жана эл аралык көз караш миссиялары жагынан бааланганы белгиленди.

THE 2023 Young University Ranking үчүн 78 өлкөдөн керектүү критерийлерге жооп берген 605 университет бааланган.

Тизмеге Түркиядан 47 университет кирди.

Коч университети 55-орунду, Сабанжы университети 89-орунду ээлеп, алдыңкы 100гө кирди.

Алдыңкы 500гө Түркиянын 20 университети кирди.



Тектеш кабарлар