Түркияны өкүлдүк кылган долбоор Англияда Public Award сыйлыгына ээ болду

Быйылкы темасы "Глобалдык оюн: Кызматташууларды кайрадан түзүү" деп аталган фестиваль 25-июнга чейин уланат.

2002981
Түркияны өкүлдүк кылган долбоор Англияда Public Award сыйлыгына ээ болду

Англиянын борбор шаары Лондондо ар кайсы өлкөдөн 40тан ашуун сүрөтчүнүн эмгектери көргөзмөгө коюлган Лондон Дизайн Биенналы 2023тө Түркияны өкүлдүк кылган «Ачык көркөм чыгарма» долбоору жалпы элдик добуш берүүдө биринчи болду.

Биенналда Түркияны сүрөтчү жана архитектор Мелек Зейнеп Булуттун мейкиндик дизайны болгон жана борбор шаар Лондондогу Сомерсет-хаустун короосунда көргөзмөгө коюлган «Ачык көркөм чыгарма» аттуу эмгеги өкүлдүк кылды.

Акустикалык жана архитектуралык кеңешчилигин Желаледдин Челик колго алган долбоордо, курулуш инженери Мехмет Селим Өктен менен Эрдем Казым Демиркыран, Эмрах Бурал жана Асуде Нур Жанжактутан орун алды.

Зейнеп Булуттун эмгеги элдик добуш берүүдө 40тан ашуун сүрөтчүнүн эмгектеринин ичинен биринчи болуп тандалып, Коомдук сыйлыкка ээ болду.

Булутка сыйлыгы, атактуу Сомерсет-Хаус искусство борборунда өткөрүлгөн аземде тапшырылды.

Быйылкы темасы "Глобалдык оюн: Кызматташууларды кайрадан түзүү" деп аталган фестиваль 25-июнга чейин уланат. 



Тектеш кабарлар