Нигерияда түрк ашканасы таанытылды

Түркиянын Абуджа элчилиги «Түрк ашканасы жумалыгынын» алкагында түрк ашканасын таанытуу максатында иш-чараларды уюштурду.

1988653
Нигерияда түрк ашканасы таанытылды
nijerya Turk mutfagi tanitim1.jpg
nijerya Turk mutfagi tanitim.jpg

Түркиянын Абуджа элчилиги «Түрк ашканасы жумалыгынын» алкагында түрк ашканасын таанытуу максатында иш-чараларды уюштурду. Абуджа шаарындагы мейманканада өткөрүлгөн салтанаттуу кечки тамакка чет элдик миссия өкүлдөрү, дипломаттар жана көптөгөн нигериялыктар катышты.

Түркиянын Абуджа элчиси Хидает Байрактар ​​ачылышта сүйлөгөн сөзүндө түрк ашканасынын маданиятынын Анадолунун байыркы цивилизацияларынын изин ташыгандыгын  белгиледи.

Түркиянын дүйнөлүк кулинардык рекордго көп салым кошконун белгилеген Байрактар ​​: «Бүткүл дүйнөдө суктануу менен желген айрандын теги Түркияда экенин көп адамдар билбеши мүмкүн»,-деди. 

Элчи Байрактар, ар дайым меймандостугу менен таанылган түрк маданиятынын символдорунун бири да коомчулуктун жана тилектештиктин рухун билдирген түрк ашканасы экенин айтты.

Түрк ашканасы жумалыгы иш-чарасынын 25-майга чейин улана турганын белгилеген Байрактар ​​: «Бул иш-чара нигериялыктарга жана башка досторго Түркиянын көп түрдүүлүгүнөн жана маданиятынан ырахат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөйт",- деди. 

Иш-чарада 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы да белгиленди.



Тектеш кабарлар