Гленн Хьюз Түркияда эки концерт берет
Атактуу музыкантты сахнада гитарада Сорен Андерсен, барабанда Эш Шихан жана органда Боб Фридзема коштойт.
1987673
Рок музыкасынын легендарлуу группаларынан Deep Purpleдын экс-солисти жана басист Гленн Хьюз Анкара жана Стамбулда концерт берет.
Билдирүүгө караганда Хьюз Deep Purple менен жазган «Burn» альбомунун 50 жылдыгына карата уюштура турган дүйнө турнесинин алкагында 6-октябрда Анкара ODTÜ Vişnelikте, 7-октябрда болсо Стамбул Maximum Uniq Open Аэрде күйөрмандары менен жолугушат.
Атактуу музыкантты сахнада гитарада Сорен Андерсен, барабанда Эш Шихан жана органда Боб Фридзема коштойт.
Deep Purple 1973-жылы жаздырып бүтүргөн жана 1974-жылы жарык көргөн "Burn" альбому дүйнө жүзү боюнча 4 миллион көчүрмө менен сатылып, Германия, Дания, Австрия жана Норвегия тизмелерине биринчи катардан кирген.