Каннда митингдерге тыюу салынды

Францияда 76-Канн кинофестивалы өтө турган аймакта митингдерге тыюу салынды.

1985965
Каннда митингдерге тыюу салынды

Францияда 76-Канн кинофестивалы өтө турган аймакта митингдерге тыюу салынды.

Дүйнөгө белгилүү фестиваль Альп-Деңиз провинциясынын Канн шаарында 16-майдан 27-майга чейин өтөт.

Альп-Деңиз губернаторлугу тарабынан жарыяланган чечимде Канн шаарынын фестивалда 120 миң кишини тосуп алары белгиленди.

Чечимде 16-майдан 28-майга чейин жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00гө чейин фестиваль аймагында митинг уюштурууга тыюу салынганы белгиленген.

Өлкөдө ишке ашырылган пенсия реформасына каршы чыккан Жалпы Эмгек Профсоюздарынын (CGT) энергетика бөлүмү Канн кинофестивалы өтүп жатканда электр жарыгын өчүрүү менен коркуткан.

Пенсия курагын акырындап 62ден 64кө көтөргөн реформага каршы жалпы өлкө көптөгөн митингдер болууда. 



Тектеш кабарлар