Deep Purple Гленн Хьюз менен Түркияга келет

Темага байланыштуу жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, топ Хьюз мезгилинде жазылган «Burn» альбомунун 50 жылдыгына карата уюштурулган гастролдун алкагында 6-октябрда Анкарада, 7-октябрда Стамбулда күйөрмандары менен жолугушат.

1985685
Deep Purple Гленн Хьюз менен Түркияга келет

Рок музыканын легендарлуу ысымдарынан Deep Purple Анкара жана Стамбулда мурдагы солист жана басист Гленн Хьюз менен бирге сахнага чыгат.

Темага байланыштуу жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, топ Хьюз мезгилинде жазылган «Burn» альбомунун 50 жылдыгына карата уюштурулган гастролдун алкагында 6-октябрда Анкарада, 7-октябрда Стамбулда күйөрмандары менен жолугушат.

Хьюзду топтун мүчөлөрү Сорен Андерсен гитарада, Эш Шихан барабанда жана Боб Фридзема органда коштойт.

Гастролдун алкагында топ "Burn" альбомундагы ырларды жана Deep Purple тобунун хит ырларын да аткарат.

Deep Purple 1973-жылы жаздырып бүтүргөн жана 1974-жылы жарык көргөн "Burn" альбому дүйнө жүзү боюнча 4 миллион көчүрмө менен сатылып, Германия, Дания, Австрия жана Норвегия тизмелерине биринчи катардан кирген.



Тектеш кабарлар