Түрксат 5Б Дубайдагы жарманкеде эл назарына коюлат

«CABSAT 2023» 16-18-майда Дубайда өткөрүлөт.

1985296
Түрксат 5Б Дубайдагы жарманкеде эл назарына коюлат

Türksat акционердик компаниясынын 5-муундагы спутниги Түрксат 5Б, Жакынкы Чыгыштын эң чоң спутник кызматтары жана берүү жарманкеси болгон «CABSAT 2023» көргөзмөсүндө орун алат.

Türksat акционердик компаниясынын жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, «CABSAT 2023» 16-18-майда Дубайда өткөрүлөт.

Дубай Дүйнөлүк соода борборунда ачыла турган жарманкеде, Türksat акционердик компаниясынын 5-муундагы спутниги Türksat 5B менен бирге улуттук PeycON антенналары HidrON, TerrON, MicrON жана AerON да көрсөтүлөт.

Жарманкеде Түркиянын эң күчтүү Ka Band технологиясына ээ спутниги Түрксат 5Б байланыш спутниги боюнча келишимдерге да кол коюлат.

Жарманкенин алкагында Түрксат компаниясы өзгөчө MENA аймагында ата мекендик жана улуттук өнүмдөрү менен эффективдүүлүгүн арттырууну жана Түркиянын Жакынкы Чыгыштагы спутник кызматтары рынокторунда күчтүү болушун камсыздоону пландоодо.

Компаниянын 5А жана 5В спутниктери менен бекемдеген, камтуу чөйрөсүн кеңейткен спутник байланышы жана кабелдик берүүлөрүндөгү эң акыркы кызматтары жарманкеде сектор өкүлдөрүнүн назарына коюлат.



Тектеш кабарлар