Зеугмадан уурдалып кеткен тарыхый экспонат кайтарылды

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой социалдык медиа баракчасынан, Түркиянын дагы бир тарыхый мурастарынан биринин мекенине кайтарылганын билдирди.

1980808
Зеугмадан уурдалып кеткен тарыхый экспонат кайтарылды

Байыркы Зеугма шаарынан уурдалып кеткен биздин замандын 2-кылымына таандык көрүстөн стелла Италиядан алынды.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой социалдык медиа баракчасынан, Түркиянын дагы бир тарыхый мурастарынан биринин мекенине кайтарылганын билдирди.

Маанилүү илимий маалыматтарды камтыган жана биздин замандын 2-кылымына таандык көрүстөн стелланы Италиядан өткөрүп алышканын белгилеген Эрсой: "Мен кызматымды баштаганда кайтарып алынган биринчи тарыхый экспонат Газиантеп Зеугмадан эле. Бүгүн байыркы шаарыбыздын дагы бир экспонатын кайтарып жатканыма кубанычтамын. Тарыхый экспонат аткезчилигине каршы күрөшүбүз бардык кызыкдар тараптарыбыз менен уланат",- деди.

Эрсой билдирүүсүндө 1800 жылдык көрүстөн стелланын өткөрүп алынып жаткандагы фотосүрөтүнө да орун берди.

Маанилүү илимий маалыматтарды камтыган стелла Түркиянын Римдеги элчилигине тапшырылды.



Тектеш кабарлар