Түрк коомунун Бельгияга көчүшүнүн 60 жылдыгына арналган иш-чара

UID Бельгиянын демилгеси менен Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар төрагалыгы (YTB), African Child Vzw, Red Star Line жана Stad Antwerpen менен биргеликте уюштурулган иш-чара Антверпендеги "Red Star Line" миграция музейинде өткөрүлдү.

1958413
Түрк коомунун Бельгияга көчүшүнүн 60 жылдыгына арналган иш-чара

Бельгиянын Антверпен шаарында Эл аралык демократтар биримдигинин (UID) Бельгиянын демилгеси менен түрктөрдүн Бельгияга көчүшүнүн 60 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү.

UID Бельгиянын демилгеси менен Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар төрагалыгы (YTB), African Child Vzw, Red Star Line жана Stad Antwerpen менен биргеликте уюштурулган иш-чара Антверпендеги "Red Star Line" миграция музейинде өткөрүлдү.

Түркиянын Антверпендеги башкы консулу Бату Кескин 2024-жылы Бельгияда болушунун 60 жылдыгын белгилей турган түрк коомунун өлкөгө ыңгайлашуусу ошондой эле биримдиги жана ынтымагын сактоо жагынан да маанилүү ийгиликтерге жетишкенин айтты.

Кесмен мунун очогу Кахраманмараш болгон жер титирөө кырсыгынан кийин дагы бир жолу көрүлгөнүн жана Бельгиядагы түрк коомчулугунун чоң тилектештик көрсөткөнүн айтты.

«Бул да Бельгиянын атынан Түркияга жасалган жардамдар.  Бельгиянын түрк коому Бельгиянын ажырагыс, сыймыктуу, намыстуу, негизги уюмдарынын бири. Ушундай бойдон кала берет»,-деди ал.



Тектеш кабарлар