Египеттеги сфинкс сымал айкел

Археологдор ошондой эле демотикалык жана иероглифтик жазуулары бар Рим дооруна таандык таш плитаны табышты.

1956013
Египеттеги сфинкс сымал айкел

Египеттин түштүгүндөгү байыркы ибадатканадан сфинкске окшош айкел жана храмдын калдыктары табылды.

Археологдор ошондой эле демотикалык жана иероглифтик жазуулары бар Рим дооруна таандык таш плитаны табышты.

Байыркы экспонаттар министрлигинин билдирүүсүндө, экспонаттардын Кена провинциясындагы Дендера храмында табылганы маалымдалды.

Археологдор айкелдин жылмайган жүзү биздин заманга чейинки 41-54-жылдары Рим эгемендигин Түндүк Африкага чейин кеңейткен Рим императору Клавдийге таандык болушу мүмкүн деп эсептешет.

Археологдор айкелдин өздүгү жана аймагы тууралуу көбүрөөк маалымат бере ала турган таш тактадагы белгилер боюнча изилдөө жүргүзүшөрүн билдиришти.

Айкел 20 метр бийиктиктеги Гиза пирамидалары комплексиндеги атактуу Сфинкстен алда канча кичине.

Министрлик, ибадаткананын эки катмарлуу аянтчаны жана Византия дооруна таандык кирпич бассейнди камтыганын кабарлады.



Тектеш кабарлар