Кыргыз сүрөтчүлөрдүн сүрөт көргөзмөсү Анкарада ачылды

Борбор шаар Анкаранын маанилүү маданият/өнөр жайларынын бири болгон Эмин Антик искусство борбору өзгөчө эмгектерди тартуулай турган керемет көргөзмөлөр менен искусство сүйүүчүлөрдү жолугуштурууда.

1942129
Кыргыз сүрөтчүлөрдүн сүрөт көргөзмөсү Анкарада ачылды
Kırgız ressamlar Ankara sergi 22.jpg
Kırgız ressamlar Ankara sergi 19.jpg
Kırgız ressamlar Ankara sergi 18.jpg
Kırgız ressamlar Ankara sergi 12.jpg
Kırgız ressamlar Ankara sergi 11.jpg

Анкара сепилиндеги маанилүү маданият жана искусство борборлорунун бири «Эмин Антик», баалуу сүрөттөр орун ала турган көргөзмөлөрү менен искусство сүйүүчүлөрдү жолугуштурат.

Борбор шаар Анкаранын маанилүү маданият/өнөр жайларынын бири болгон «Эмин Антик» искусство борбору өзгөчө эмгектерди тартуулай турган керемет көргөзмөлөр менен искусство сүйүүчүлөрдү жолугуштурууда.

Анын алкагында 4-февралда «Эмин Антик» искусство борборунун галереясында Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү искусство сүйүүчүлөрүнө тартууланды.

Сүрөтчүлөр; Таалайбек Мусурманкулов, Арстан Дукуев, Талгат Бокоев. Сүрөт чеберлери Түркиянын ар кайсы аймактарын кыдырып, ошол аймакты жеринде сүрөткө түшүрүп искусство сүйүүчүлөргө тартуулап жатышкандарын айтышты. Көргөзмөнүн ачылыш иш чарасына катышуу абдан арбын болуп, келгендер илинген сүрөттөрдү кызыгып көрүп жатышты.

Кошумчалай кетсек, «Эмин Антик» искусство борборундагы Раиф Гөккуш көргөзмөсү да 4-февралда искусство сүйүүчүлөргө тартууланды.

«Эмин Антик» искусство борборунун маалыматында төмөнкү сөздөр орун алды: «Түркия Эл аралык дүлөй сүрөтчүлөр федерациясынын мүчөсү, 2019-жылы Париждеги көргөзмөсү чоң кызыгууну жараткан Раиф Гөккуш эмгектери менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюмдун үлүштөштүгүндө, Түрк дүйнөсүнүн ичинен Кыргыз Республикасынан (Ататүрк, Республиканын алгачкы жылдарында байыркы түрк тарыхын жана тамыр маданиятын жаңы муундарга өткөрүп берүү үчүн Эргенкон Түрейиш, Коркут Ата, Манас эпосторун мектептерде окуу программасына киргиздирген) эске салыш үчүн алп эрен Манастын неберелери Таалайбек Мусурманкулов, Арстан Дукуев, Талгат Бокоевдин чыгармалары орун алды.

АКШнын, Япониянын, Англиянын жана башка өлкөлөрдүн коллекцияларына кирген жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери сиздерге, кымбаттуу искусствону сүйүүчү досторго тартууланат».



Тектеш кабарлар