Ачуу адана тостун жегендердин конкурсу
Тостчу Махмут компаниясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Мехмет Каража социалдык медиа эсептеринен Адана тостун таанытуу үчүн ачуу тост жегендердин сынагын уюштура турганын жарыялады.
Аданада биринчи жолу эл аралык катышуу менен өткөн «Ачуу Адана тостун» жегендердин сынагында 10 мүнөттө 10 тост жеген австралиялык Жеймс Вебби жеңишке жетти.
Тостчу Махмут компаниясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Мехмет Каража социалдык медиа эсептеринен Адана тостун таанытуу үчүн ачуу тост жегендердин сынагын уюштура турганын жарыялады.
Жука жазы темирде бышырылган, жумуртка, помидор, татымалдар кошулуп, нан менен жолуккан соң үтүк менен басылган атактуу тост үчүн чет өлкөдөн атаандаштар Аданага келишти.
Сынакта австралиялык Вэбби 10 мүнөттө 10 ачуу тост жеп 1-болсо, анын атаандашы Аданадан келген Агит Тумур тосттун өтө ачуу болгондугу үчүн 4 тост жей алды.
1-орунга ээ болгон Вебби 500 доллар байгеге ээ болду.
Вэбби ачуу тостту абдан жактырганын айтып, аны өз өлкөсүндө даңазалай турганын билдирди.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.