ТРТнын колдоосу менен тартылган тасмалар 2022-жылы 117 сыйлыкка ээ болду

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, жыл бою 218 фестивалда ТРТнын 36 тасмасы ат салышты.

1927415
ТРТнын колдоосу менен тартылган тасмалар  2022-жылы 117 сыйлыкка ээ болду

Улуттук жана эл аралык кинофестивалдарда жарышкан Түркия радио-телеберүү мекемесинин (TRT) колдоосу менен тартылган кинотасмалар 2022-жылы 117 сыйлыкка ээ болду.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, жыл бою 218 фестивалда ТРТнын биргелешип чыгарган 36 тасмасы ат салышты.

Түрк киносунун тажрыйбалуу режиссёрлору жана жаш таланттары тарабынан тартылган сапаттуу тасмаларга өнөктөш болгон ТРТ, фестиваль жана жайылтуу процессинде да фильмдерге колдоо көрсөтүүдө.

Канн, Санданс, Венеция, Локарно, Берлин, Торонто, Токио жана Сараево кинофестивалы сыяктуу көптөгөн фестивалдарга катышкан тасмалар эл аралык фестивалдардан 85 сыйлык менен кайтты.

Дүйнөлүк бет ачары болгон Канн кинофестивалында "Алтын пальма" сыйлыгын алган "Кайгы үч бурчтугу", Европанын Оскары деп эсептелген Европа кино сыйлыктарында "Мыкты тасма", "Мыкты режиссер", "Мыкты сценарий" жана "Мыкты актер" сыйлыктарын алды.

«Алтын глобус сыйлыктарында» музыкалык же комедиялык тасмалар категориясында «Эң мыкты тасма» жана «Эң мыкты экинчи пландагы актриса» номинацияларына ээ болгон бул чыгарылыш, Оскар жарышында болсо негизги категорияларда сүйүктүү тасмалардын арасында.

ТРТнын биргелешкен чыгарылышы «Klondike» жана ТРТнын колдоосу менен тартылган «A Ballad», «A Piece of Sky» жана «Victim»  95-Оскар сыйлыктарында «Эл аралык мыкты тасма» категориясында ат салышууга талапкер болгон тасмалардын арасында болду.

ТРТнын колдоосу менен тартылып «Анталья алтын апельсин кинофестивалы», «Босфор кино фестивалы» жана «Стамбул кинофестивалында» ат салышкан 17 тасма, 32 сыйлыкка ээ болду.

Жыл ичинде жети анимациялык тасма жана ТРТнын 18 биргелешкен өндүрүшү жарык көрдү.

Эң көп көрүлгөн 10 тасманын үчөө ТРТнын биргелешкен чыгарылышы болду.

"Кесилиш: Ийгилик, Эрен" тасмасы 35 апта бою кинотеатрларда көргөзүлдү.

Тасманы 2 миллион 327 миң 281 адам көрүп, 2022-жылы эң көп көрүлгөн тасмалардын экинчиси болду.

ТРТнын биргелешип чыгарган тасмаларын 7 миллионго жакын көрүүчү көрдү.



Тектеш кабарлар