Дүйнө жүзү 2023-жылды ар түрдүү иш-чараар менен тосуп алышты

Дубайда Гиннес рекордуна кирүү аракети жасалып, 15 000 наножарыктар жана 3 000ден ашык дрондор менен дүйнөдөгү эң узун фейерверк шоусу үчүн түрдүү формалар жасалды.

1926210
Дүйнө жүзү 2023-жылды ар түрдүү иш-чараар менен тосуп алышты
paris yeni yil.jpg
azerbaycan baku yeni yil.jpg
brezilya yeni yil.jpg
roma.jpg

2023-жылдын келиши дүйнө жүзү боюнча энтузиазм менен белгиленүүдө.

Кошмо Штаттардагы (АКШ) Жаңы жылды майрамдоо борбору Нью-Йорктогу Таймс-сквер болду.

Аянттагы миңдеген адамдар жаңы жылга фейерверк жана жарык шоулары менен киришти.

Европадагы аянттарга шыктанган эл толду.

Германиянын борбору Берлинде тарыхый Бранденбург дарбазасы менен атактуу теле мунара жайгашкан аймактын асманын салюттар жарыктандырды.

Франциянын борбору Парижде дүйнөгө таанымал Елисей аллеясы жана Триумф аркасы жайгашкан аймакта фейерверк атылды. Сегиз мүнөткө жакын созулган шоуларда миңдеген фейерверк түстүү образдарды жаратты.

Англиянын борбору Лондондо атактуу Биг Бен саат мунарасынын коңгуроолору кагылды. Саат 24тү көрсөткөндө фейерверк атыла баштады. Темза дарыясынын жээктеринде эл көп топтолгон. Украинанын желегинин түстөрү Лондондун көзү деп аталган Европадагы эң бийик дөңгөлөккө түшүрүлгөн.

Италиянын борбору Рим шаарындагы дүйнөгө белгилүү жайлардын бири болгон Колизейдин айланасына чогулган туристтер жана жарандар жаңы жылды тосушту. Майрамдык салтанаттын алкагында фейерверк атылды.

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында жаңы жылдык салтанаттын алкагында фейерверк атылды. Копакабана пляжында чогулган жарандар фейерверк шоусунда сүзүү менен убакыт өткөрүштү.

Эң кызыктуу Жаңы жыл майрамдарынын бири Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) өттү.

Дубайда Гиннес рекордуна кирүү аракети жасалып, 15 000 наножарыктар жана 3 000ден ашык дрондор менен дүйнөдөгү эң узун фейерверк шоусу үчүн түрдүү формалар түзүлдү. Дүйнөдөгү эң бийик имарат Бурж Халифа да жаңы жылга карата жасалгаланды.

Азербайжандын борбору Бакуда Жаңы жыл салют атуу менен тосулду. Санак бүтөөрү менен азербайжандыктар 2023-жылды чоң шыктануу менен тосуп алышты.

Коронавирус пайда болгон Кытайдын Ухань шаарындагы майрамдын катышуучулары беткап кийип, шарларды учурушту.

Гонконгдо, Тайванда жана Таиландда фейерверк жана жарык шоулары өткөрүлдү.

Орусия 2023-жылга Украинадагы согуштан улам шаар администрацияларынын чечими менен көчөлөрдө фейерверк жана массалык көңүл ачуучу программаларсыз кирди.

2023-жылга кирген биринчи өлкө Тынч океандагы Тонга болду.

Тонгадан кийин Жаңы Зеландия жана Австралия болду.



Тектеш кабарлар